Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

БҮГҮН ӨКМӨТ БАШЧЫ КУМТӨР БОЮНЧА БИЛДИРҮҮ ЖАСАШЫ ЫКТЫМАЛ


Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев бүгүн «Кумтөралтын» долбоорун реструктризациялоо маселеси боюнча маалымат жыйынын өткөрөөрү күтүлүүдө.

«Кумтөр» ишканасы чет өлкөлүктөрдүн карамагына өтүптүр» деген маалыматты саясатчылар менен бейөкмөт уюмдар жыл башынан бери чет өлкөлүк булактарга таянып айтып келатышат. «Камеко» компаниясы тараткан маалыматка караганда, «Кумтөрголд» оперейтинг компаниясы жаңы түзүлгөн «Сентерра голд инк» компаниясынын тутумуна кирип, натыйжада, Кыргызстанга бул компаниянын акциясынын үчтөн бир бөлүгү гана таандык болуп калды.

Журналисттердин суроолоруна берген жоопторунда кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү мындай чечим кабыл алынганын маал-маалы менен кыйытып жүрүшөт. Бирок, ырасмий так маалымат бериле элек. Премьер-министр Николай Танаев Орусияга жасаган иш сапарынан кайтып келгенден кийин «Кумтөр» боюнча өзүнчө маалымат берээрин журналисттерге убада кылган. Премьердин айтымында, мындай чечим Кыргызстанга пайда гана берет:

- Бул келишим биз үчүн пайдалуу экенин айтып коюшум керек. Ким мажбурлабасын, мен, премьер-министр катары биздин өлкөгө пайдасыз келишимге эч качан кол коймок эмесмин.

Бирок, Жогорку Кеңештин депутаттары менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү өкмөттүн мындай кадамын кескин сынга алышууда. Буга байланыштуу 11-февралда парламенттик угуу өтүшү күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG