Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:07

Зураб Жвания Грузиянын өкмөт башчылыгына келет


Бул тууралуу кечээ президент Михаил Саакашвили парламент депуттарына билдирди. Зураб Жвания 1995-2001-жылдардын аралыгында парламент төрагасы болгон, андан соң мурдагы президент Эдуард Шеварднадзеге каршы оппозицияга өткөн эле. Ал азыркы президент Саакашвили менен катар былтыр ноябрдагы саясий толкундоолорду жетектегендердин бири. Грузияда премьер-министрдин кызматы 1995-жылы жоюлган. Жакында парламент Конституцияга өзгөртүү киргизип, өкмөт башчысынын кызматын калыбына келтирди.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG