Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

«Баас» партиясынын дагы бир лидери колго түштү


Пентагондун өкүлү Мушир Хадр ал-Хафажини америкалык аскерлер камакка алганын билдирди, бирок ал кайсыл жерден кандай жагдайда кармалганын айткан жок. Мушир Хадр ал Хафажи Баас партиясы менен анын аскерий структурасынын Кадасия чөлкөмүндөгү бөлүмүн жетектечи жана Ирактын мурдагы режиминин АКШ түзгөн тизмесиндеги 55 адамдын ичинен 48–орунда эле. Ал эми учурда Иракта шайлоону жакын арада өткөрүү мүмкүн же мүмкүн эместигин аныктоо максатында БУУнун эксперттер тобу жүрөт. БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын билдиргенине караганда, алардын визити бир аптага созулат жана эксперттер өз тыянагын ушул айдын соңуна чейин бермекчи.

XS
SM
MD
LG