Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Москва метросундагы жарылуунун соңунан Орусиянын атайын кызматтары алардын укугун кеңейтүү маселесин көтөрүүдө


Орусиянын укук коргоо органдары өткөн жума күнү болгон жарылууну терракт катары мүнөздөшүүдө. Москванын прокурору Анатолий Зуевдин билдиргенине караганда, жардырууну жанкечти жасаган деген ишеним бар, бирок тергөөчүлөр кырсыктын жардыруучу заттарды мыйзамсыз алып жүрүүнүн натыйжасында чыгуу мүмкүнчүлүгүн да иликтеп жатат. Орусиянын башкалаасында кечээ аза күтүү күнү болду. Ал эми жарылуудан каза тапкандардын саны 40ка жетти. Соңку кандуу окуядан улам Орусиянын атайын кызматтары алардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселесин көтөрүүдө. Бул тууралуу ФККнын директорунун орун басары Вячеслав Ушаков кечээ Мамлекеттик дума депуттарынын семинарында айтты. Ал белгилегендей, Орусия да АКШ 11-сентябрь окуяларынан кийин жасагандай террорчулукка каршы күрөштө атайын кызматтардын укугун кеңейтиши керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG