Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:12

ИРАН МЕНЕН ПАКИСТАН ӨЗӨКТҮК КУРАЛДАРДЫ ЖАСОО БОЮНЧА КЫЗМАТТАШКАНБЫ?


Кубат Оторбаев, Прага Пакистандык окумуштуу Абдул Кадыр Хан Иранга, Түндүк Кореяга жана Ливияга кеңири кыргын салуучу куралдар боюнча маалыматтарды сатып келгенин 4-февралда мойнуна алган. Бирок Ирандын бийлиги Абдул Кадыр Хандан маалымат сатып алганын жокко чыгарды. Пакистандын өкмөтү да Абдул Кадыр Хан маалыматтарды кандай жол менен чет өлкөлөргө берип келгенин эларалык коомчулукка ачык айтууну каалабай жатат.

8-февралда Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Азефи “ырасмий Тегеран өзөктүк куралдар боюнча маалыматтарды пакистандык окумуштуу Абдул Кадыр Хандан сатып алган эмес жана ага эч убакта акча төлөгөн эмес” деп билдирди. Ошентсе да Хамид Реза Азефи Иран өзөктүк куралдар боюнча айрым маалыматтарды четтен алганын моюнга алды. Бирок ал маалыматтар Абдул Кадыр Хандын эларалык базарга мыйзамсыз саткан маалыматтарыбы же жокпу – аны Ирандын өкүлү тактаган жок.

Абдул Кадыр Хан - Пакистандын өзөктүк куралдарын жасаган ири окумуштуу. Ал жакында 1980-жылдан 1990-жылдарга чейин Иранга, Түндүк Кореяга жана Ливияга кеңири кыргын салуучу куралдар боюнча маалыматтарды сатып келгенин моюнга алган. Абдул Хан 4-февралда улуттук телекөрсөтүү аркылуу Пакистан элинен кечирим сурап, бул ишке Пакистан өкмөтүнүн эч кандай тиешеси жок деген болчу:

– Мен эч убакта өкмөт тарабынан бул ишке уруксат берилбегенин да айтып өткүм келет. Жасаган иштерим үчүн баардык жоопкерчиликти өзүмө алам жана Пакистан элинен кечирим сурайм.

Пакистандын президенти Первез Мушарраф 5-февралда ырайым кылып окумуштууну кечирди. Өз сөзүндө Первез Мушарраф Бириккен улуттар уюмунун Атом энергиясы боюнча эларалык агенттигине - МАГАТЭге Пакистан өзүнүн өзөктүк куралдар программасына байланыштуу отчет бербейт деп билдирген.

Атом энергиясы боюнча эларалык эксперттер Иран өзөктүк куралдарды жасоону Пакистандан үйрөнгөн болушу керек деп болжолдоп жатышат. МАГАТЭ соңку учурда Иран эларалык коомчулуктун көзүн жызгырып, өзөктүк куралдарды жашыруун жасап жатат деп, атайын иликтөө жүргүзүүдө.

Кеңсеси Лондондо жайгашкан Эларалык стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Гэри Самор өзөктүк куралдарды жасоо боюнча Пакистан менен Ирандын ортосундагы байланыш тууралуу мындай деген пикирин айтат:

- Менин оюмча, Пакистан өзөктүк курал жасоого мүмкүндүк берүүчү центрифуганы Иранга 1980-жылдардын соңунда берген. Анын негизинде Иран центрифуга иштетүү боюнча өзүнүн программасын түзгөн. Азыр бүдөмүк маселе – Пакистан чындыгында эле Иранга өзөктүк куралдын долбоорун түзүүгө жардамдашканбы же жокпу – бул тактоого муктаж.

Гэри Самор пакистандык окумуштуунун өзөктүк куралдар боюнча маалыматтарды Ливияга сатканы аныкталган, ошондуктан Иран деле баалуу маалыматтарды Пакистандан алган болушу керек дейт:

- Биз эми Ливия боюнча мурдагы маалыматтардын чын экенин билдик. Анткени ливиялыктар Абдул Кадыр Ханга өзөктүк куралдын долбоорун иштеп чыкканы үчүн 50 миллион доллар бергенин мойунга алышкан. Эми Иран куралдын долбоорун сатып алганын айтабы же жокпу – бул белгисиз. Азырынча Абдул Кадыр Хандын ишмердүүлүгүн иликтеп жаткан Пакистандын бийлиги андай баалуу маалыматтарын Кошмо Штаттары сыяктуу мамлекеттер менен жана МАГАТЭ менен бөлүшөт деп ишенип туралы.

Гэри Самордун айтымында, Абдул Кадыр Хан күнөөсүн мойнуна алып жатканына карабай, маалыматтар кандай жол менен сатылганын аныктоо бир топ татаал иш. Анткени Пакистан өзөктүк куралдарды таратпоо тууралуу келишимге кол койгон эмес. Ошондой эле Пакистан Ирандан айырмаланып МАГАТЭ менен кызматташууга да такыр ийибей келатат. Гэри Самор өзөктүк куралдар боюнча маалыматтарды сатуу боюнча окуя эч убакта аягына чейин иликтенбейт, анткени бул иш президент Первез Мушаррафтын бийликте турушуна түздөн-түз таасирин тийгизет дейт:

– Мушарраф “эки оттун ортосунда калды”. Бир жагынан алганда, 15 жыл бою Абдул Хан Пакистандын жогорку бийлигине жана чалгын кызматтарына билдирбей маалымат сатып келгенине ишениш кыйын. Экинчи жагынан алганда, эгер Мушарраф чынчыл жана тыкыр иликтөө жүргүзсө ал өзүнө өзү ор казгандай болот. Анткени Абдул Хандын эле эмес, башка аскер жетекчилеринин да иши талдоого алынат. Бул болсо Мушаррафтын бийлигин сактап турган армия ичинде нааразылык жаратышы ыктымал.

Эксперттин көз-карашында, ушул себептен бул чуулгандуу окуя эч убакта өзүнүн калыс баасын албайт.
XS
SM
MD
LG