Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

ТҮНДҮК КОРЕЯ ПАКИСТАНДЫК ИЛИМПОЗДУН СӨЗҮН КАЛПКА ЧЫГАРДЫ


Ырасмий Пхеньян пакистандык окумуштуу Абдул Кадыр Хандын Түндүк Кореяга өзөктүк куралдардын технологиясына тиешелүү маалыматты бергени тууралуу сөзүн “жалган” деп жарыялады. Илмпоз өткөн жумада Түндүк Корея, Иран жана Ливияга атомдук куралды жасаганга керектүү жашыруун маалыматтарды бергенин мойнуна алган. Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги шейшемби күнү тараткан билдирүүдө, Хандын сөзү Кошмо Штаттардын “негизсиз дооматы” деп сындалды.

Түндүк Корея өзүнүн Пакистандан өзөктүк технологияны алганы жөнүндөгү ырастоону Кошмо Штаттардын дагы бир“ыплас пропагандасы” деп, четке какты. Ырасмий Пхеньяндын бу билдирүүсүнө негиз берген окуянын таржымалы мындай.

Пакистандын “атомдук куралынын атасы” катары таанымал Абдул Кадыр Хан 4-февралда улуттук телевидениеден сүйлөп, айрым өлкөлөргө атомдук курал жасоого керектүү жашыруун маалыматтарды бергенин ырастаган эле:

- Иликтөө (өзөктүк технологияны жайылтуу боюнча) мурда кабарланган көпчүлүк маалыматтар чындап эле болгонун жана ал иште менин демилгечи болгонумду тастыктады. Өкмөттүк кеңештин өкүлдөрү менен өткөн жолугушуу учурунда, мага ал тууралуу далилдер жана маалыматтар көрсөтүлдү. Мен ал далилдердин көбү чын жана туура экенине ынандым.

Ага дейре пакистандык ырасмий адамдар Абдул Кадыр Хандын 1980-90-жылдардын аралыгында - АКШ президенти Жорж Буш эки жыл мурда “балакеттүү үч илтик” деп атаган - Иранга, Ливияга жана Түндүк Кореяга өзөктүк технологияны бергенин айтып жатышкан.

Вашингтондун коммунисттик Корея атомдук куралдарды өнүктүрүүдө “байытылган уранды пайдаланууда” деген узак мезгилден берки шектенүүсүн Түндүк Корея куру дооматка чыгарып жүргөн. Бирок, 2002-жылдын октябрында, Пхеньянга байытылган уранды атомдук бомба үчүн пайдалануу аракетин тастыктаган далилдер көрсөтүлгөндө, ал өз “күнөөсүн” танып кете алган эмес. Бул окуя, Ройтер агенттиги баамдагандай, Түндүк Кореянын Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимден чыгуусуна шылтоо болуп, иш жүзүндө, Пхеньян атомдук куралдын үстүнөн иштөөсүн уланта берген.

Кээ бир байкоочулар айткандай, Хан күнөөсүн Түндүк Корея өзөктүк кризисин жөндөөнү көздөгөн көп тараптуу сүйлөшүү башталардан үч жума мурда мойнуна алганы ырасмий Пхеньянды “дагы осол абалга” койду. 25-февралга мерчемделген сүйлөшүүнүн экинчи айлампасына АКШ, Япония, Кытай, Россия жана Түштүк Кореядан башка Түндүк Кореянын делегациясы да катышат.

25-февралдагы алты жактуу сүйлөшүү Түштүк Кореянын премьер-министри Го Кун өткөн шаршемби күнү айткандай:

-...Өзөктүк кризисти биротоло аягына чыгуу үчүн жалпы пикирди тапканга зарыл.

Ал эми Түндүк Кореянын көздөгөнү башка. Делегация башчысы Ким Рон-сонгдун сөзүнө караганда:

- Ырасмий Пхеньян өзөктүк программасын токтотконунун акысына AКШдан компенсация сурайт.

Талдоочулар Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотууга макул келүүсүн өлкөдөгү катаал жагдай менен да түшүндүрүшөт.
Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын өкүлү Масуд Хайдер дүйшөмбү күнү Бээжинде жасаган билдирүүсүндө Түндүк Кореядагы абал тууралуу мындай деген:

- Биз Түндүк Кореяда 6, 5 миллион кишини азык-түлүк менен камыздашыбыз керек. Балдар, аялдар, кош бойлуу жана эмчек эмизген энелер, улгайган кишилер тамакка муктаж.

Ушундай кыйын кезеңде пакистандык илимпоз Абдул Кадыр Хандын өз айыбын мойнуна алам деп жатып, “Түндүк Кореянын да бетин ачуусуна” Пхеньян күтө туруп, батыл жооп кайтарды.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн сөзү менен айтканда, бул “ыплас жана негизсиз пропаганда”. “АКШнын ыплас өнөктүгү Корея Элдик Демократиялык Республикасына ал өзүнүн өзөктүк коргонуу күчүн түзүүсү зарыл экенин дагы бир ирет айгинелейт... Бул Түндүк Кореяны алты жактуу сүйлөшүүдө камоого алуу үчүн жасалды”, - деп айтылат Пхеньяндын билдирүүсүндө.

Түштүк кореялык талдоочулар Түндүк Корея мындай кадамы менен узактан күтүлүп жаткан алты жактуу сүйлөшүүнү “дагы артка тартат” деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG