Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖӨНҮНДӨГҮ МЫЙЗАМДЫ ТАЛКУУЛОО АЯКТАДЫ


10-февралда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны «Мамлекеттик тил» жөнүндөгү мыйзам долбоорун беренелер боюнча талкууну аяктады. Депутаттар буга чейинки талкууда кабыл алынбай калган төрт беренеге бейшемби күнү кайрылышат.

Бул күнү «Мамлекеттик тил» жөнүндөгү мыйзамдын тогуз беренеси талкууланып, сегизи кабыл алынды. Талкуу маалында мыйзамдын 32,33,34-беренелери катуу талаш жаратты. «Кыргыз республикасы мамлекеттик тилди маалымат –коммуникациялык технология чөйрөсүндө пайдалануу жана өнүктүрүү үчүн бардык зарыл болгон шарттарды түзөт жана мамлекеттик тилде иш жүргүзүүчү программа менен жабдылбаган компьютерлерди, жазуучу техниканы сатууга жол берилбейт» деп жазылган 32-беренени талкуулоо учурунда депутат Кубатбек Байболов менен Бакыт Керимбеков жобо Кыргызстанда иштеген эл аралык уюмдар менен биргелешкен ишканалардын укугун басмырлайт жана ишке ашырууга көп каражатты талап кылат деп каршы болушту. Мындай ой көпчүлүк депутаттардын бүйүрүн кызытып, орус жана англис тилинде жабдылган компьютер менен иштеген кыргыз атуулдарынын укугу кандай корголот деген олуттуу суроого такалышты. Ушундан улам депутат Өмүрбек Текебаев:

- Осмонакун Ибраимович, мобу компьютерден кыргызча кат жазып, электрондук почта менен сизге жиберсек, сиздин компьютерге баргычакты тексттин жарымы жоголот,-деген Өмүрбек Текебаев,-Азыр бардык документтер жана иш кагаздары компьютер менен жазылат. Компьютерлер эртең айылга да жетет. Кыргыз тили жалпыга жеткиликтүү формада ошол жерде да пайдаланылышы керек. Адамдын укугу бузулат дейсиңер. Кимдин укугу бузулат? Англис тилин билсе англис тилинде иштеген компьютерди алып иштей беришсин. Компьютерди сатканда кыргыз тамгалары жазылган диск да кошо сатылсын деп жатабыз. Ал болгону бир доллар турат.

Өмүрбек Текебаев оюн бекемдөө үчүн бардык компьютерлер кыргыз тамгалары менен жабдылуусун талап кылган жобо киргизүүнү сунуш кылды. Сунушту көп депутаттар колдогон менен добуш бере келгенде ал өткөн жок.

Андан кийин «Мамлекеттик, расмий жана башка тилдерди сактап, коргоого президент баш болгон бардык бийлик бутактарынын, жергиликтүү мекеме уюмдардын жетекчилери милдеттүү» деп жазылган 34-берене боюнча кызуу талаш болду. Аны «мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамда расмий жана башка тилдерди коргоо тууралуу жобонун зарылдыгы жок» деген депутаттардын сунушу жаратты. Алар мындай жобо Кыргызстанда жашаган 80 улуттун тилин мамлекеттик тил менен бирдей деңгээлде коргоого милдеттендирет деп каршы болушту. Ушундан улам мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө өбөлгө түзчү беренелери жулунган мыйзамды кабыл алуунун такыр эле зарылдыгы жок деген ой ачык айтылды. Андай ой ээлеринин бири Өмүрбек Текебаев:


- Бул мыйзамдан эч нерсе калган жок. Бул биздин президенттин тил саясаты боюнча жүргүзгөн саясатынын далили. Кылаар ишти кылып, кыл жип менен бууп коюп кыргыз тилине күйүмүш болот, - деди.

Анын оюн депутат Азимбек Бекназаров колдоп:

- Талкуунун аягына келгенде бул мыйзамды кабыл албоого мен өзүмдүн пикирлеш депутаттарымды чакырам. Алар мени колдойт. Анткени, 1989-жылкы мыйзам буга караганда 100 эсе мыкты. Эгер президенттин позициясы ушундай болсо, популисттик кылып «мына мен мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды сунуш кылдым эле депутаттар ушундай кылып жатат» деген спектаклди уюштура турган болсо, мен мыйзамдын өтүшүнө каршы депутаттарды уюштурам , - деп жарыя кылды.

Ушундан кийин беренедеги «расмий жана башка тилдер» деген сөз алынып, бир гана мамлекеттик тилди коргоого милдеттендирген жобо кабыл алынды.

Беренелер боюнча талкуу аяктагандан кийин депутаттар мурда кабыл алынбай калган төрт беренени кароого киришти. Алардын ичинен «мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилди өз милдетин аткара ала тургандай деңгээлде билүүгө милдеттүү» деп жазылган 10-берене боюнча жазуу түрүндө берилген сунуштардын бири да өткөн жок. Депутаттар айтылган сунуштардын ичинен Өмүрбек Текебаевдин сунушу боюнча кайра добуш берүүнү өтүнүштү. Ага депутат Зайнидин Курманов:

- Силер бардыгын кыйыр түрдө бир максатка байлап жатасыңар. Себеп дегенде, мамлекеттик тилди билбеген кызматкер мамлекеттик кызматта такыр иштей албай турган шартты түзүүгө аракет болууда, - деп каршы болду. Палата талаштуу төрт беренени талкуулоону бейшемби күнү улантат.

XS
SM
MD
LG