Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

ИВАН РЫБКИН ТАБЫЛА ЭЛЕК


Президенттик шайлоонун босогосунда турган Орусияда таанымал саясатчы дайынсыз жоголууда. 5-февралдан бери издөө салынган Иван Рыбкинди бир булактар аман табылды деп жарыялашты, бирок парламенттин экс-спикеринин бар-жогу, болсо кайда экени беймаалым кала берип жатат.

Борис Ельциндин тушунда парламентти жетектеген Иван Рыбкиндин дайынсыз жоголгону 8-февралда маалым болду. 14-марттагы президенттик шайлоого талапкердигин койгон Рыбкин мындан төрт күн мурда "Азаттык" радиосунун Маскөөдөгү бюросунун суроолоруна жооп берген эле. Интервьюсунда Рыбкин федералдык чалгын кызматкерлери ал чет өлкөгө чыкканда да сары изине чөп салып, артынан түшүп алышканын, бул аны президенттик шайлоодон баш тарттыруу үчүн жасалып жатканын билдирген:

- Сыпайылап айтканда, артыман түшүп алышты, бирок биз таймаштан баш тарткан жокпуз.

8-февралда Рыбкиндин жубайы ал "Азаттыкта" сүйлөгөндөн эки күндөн кийин дайынсыз жоголгонун билдирди. Ушул эле күнү чет өлкөдө бозгунчулукта жүргөн финансист Борис Березевский Албина Рыбкинага шилтеме берип, Мамлекеттик Думанын Коопсуздук комитети "Рыбкин бир күндөн кийин аман-соо кайтып келет" деп ишендиргенин ырастады:

- Коопсуздук кеңешине телефон чалса, кеңештин өкүлү кабатыр болбогула деп коюптур. "Тынчсызданбаңыз, Иван Петрович дүйшөмбүдө келет" деп айтыптыр. Расмий булактардан менин билгеним ушул.

9-февралда Маскөөнүн прокураторасы Рыбкиндин дайынсыз жоголушу боюнча тергөө иши ачылып жаткандыгын жарыялап, ошол эле күнү кайра бул жарыясын жокко чыгарды. Ал эми түштөн кийин Итар-Тасс агенттиги Мамдуманын Коопсуздук кеңешине шилтеме берип, "Рыбкин аман-эсен табылды" деп маалымдады, бирок бир нече сааттан кийин, бул такталбаган маалымат экенин моюнга алды.

Парламенттен тышкары, бир убакта Коопсуздук Кеңешин да башкарган Рыбкин Орусиянын Либералдык партиясын жетектейт. Өткөн эки жылда бул партиянын эки мартабалуу өкүлү киши колдуу болгон. Партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, Мамдуманын мүчөсү Сергей Ющенковду былтыр апрелде таламандын так түшүндө атып кетишкен, ал эми коррупциялык тергөөдө иши каралып жаткан Владимир Головьевдун 2002-жылы августта көзүн тазалашкан.

Рыбкиндин жоголуп жатышынын Ющенков менен Головьевго байланышы бар-жогу беймаалым. Итар-Тасс агенттиги Рыбкиндин уурдалып, же кокустукка учураганы да белгисиз экендигин жазды. Эч ким Рыбкиндин урук-туугандарына кайрылып, барымта акысын сураган жок. Рыбкин чечен согушу жана "Юкос" мунай компаниясынын жетекчиси Михаил Ходорковскийдин камалышынан улам, президент Путинди чучугуна жеткирип сындап келген. Ал Путинге өлкөнүн ишкер чөйрөсүн чакмак аткан "Орусиянын эң башкы олигархы" деп кине койгон.

Март айындагы шайлоого катышып жаткан калган беш талапкердей эле, Иван Рыбкиндин Путинди жеңип чыгууга чама-чаркы чектелүү. Калктын 70 пайыздан ашыгынын колдоосуна ээ болгон Путин ат салышта кебелбестен жеңип чыгат деп болголдонууда.

XS
SM
MD
LG