Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

ӨКМӨТТӨГҮ ӨЗГӨРҮҮЛӨР, ТИЛ ҮЙРӨНҮҮ, МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРЫБАГАН МАЯНАСЫ, ЧИНОВНИКТЕРДИН КӨЖӨЛГӨН АРАКЕТИ


Кыргыз өкмөтүнүн курамында өзгөрүү болуп өттү. Өнөр жай жана тышкы соода министрлиги эми экономика маселелери боюнча да иш алып бармакчы. Өкмөт 12 министрликтен, эки мамлекеттик комитеттен турат. Президент жарлыгы менен биртоп жетекчилер дайындалып, айрымдары орун которушту. Бүгүнкү кыргыз басылмаларынын дээрлик баарында аткаруу бийлигиндеги өзгөрүүлөр талдоого алынды. Мындан тышкары мамлекеттик тил көйгөйү, кыйладан бери чоң сөз болуп, бирок аз көңүл бурулган проблемага айрым басылмалар кайрылды.

Президенттин өкмөт түзүмү тууралуу жарлыктарын шейшембидеги “Кыргыз туусу” гезити “Кадрларга талап катуу” деген аталышта жарыялады. “Эркинтоо” гезити аны “Акүйдөгү алмашуулар – ак тилек, айкын максаттар” катары сыпаттаса, “Слово Кыргызстана” басылмасы “өкмөткө көп милдет үйүлдү” деген аталышта макала жарыялады.

Өкмөт курамындагы олуттуу дегидей өзгөрүү 1-вице-премьер-министрдин Жогорку сот төрагасы кызматына которулушу, анын ордуна мурунку өкмөт башчы Кубанычбек Жумалиевдин дайындалышы болду окшойт. Жогорку сот төрайымы Неля Бейшеналиева - азырынча юстиция министринин милдетин аткаруучу.

Мурунку дагы бир өкмөт башчы Амангелди Муралиев иш-милдети арбыган экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигине дайындалды. Президенттик акимчиликтин жетекчилигине Чүй облус губернатору Тойчубек Касымов бекитилди.

Ушул эле кадрларды которуштуруу темасына “МСН” гезити жаңы санында кайрылды. Журналист Рина Приживойттун пикиринде, өкмөттүн кожокөрсүнгө баштаган өзгөрүүсү ириде Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын жана да донор өлкөлөрдүн көңүлүн буруу амалында жасалган ишаара. Минтип биринин топусун экинчисине кийгизип коюудан экономиканын иши алдыга жүрүшүп кетсе, Кыргызстан алдагачан биринчиликке озуп чыкмак.

Коррупцияга белчесинен баткан өлкөнүн экономикасын көтөрүш үчүн дагы 15 жаңы министрлик түзсө деле аз. Коррупцияны жоготуштун бир жолу уурдаганды токтотуп, салыкты убагында төлөө керек. өнүгүштүн эң жөнөкөй дарысы ушул. Бирок буга азыркы бийликтин кубаты жетпейт, - деп бүтүм чыгарат макала автору.

Ушул эле гезитте Л.Жолмухамедованын “Гулливерди окусун. Кыргызстандын ага кандай тиешеси бар?” деген макаласы жарыяланган. Кыргызстандагы азыркы саясий жагдайды Жонатан Свифттин айтылуу карадөө Гулливердин эргежээлдер өлкөсүндөгү окуяларына окшоштуруп ийген өкмөттүк гезиттин автору Д.Кыштобаевдин ой-жоромолун сынга алган Л.Жолмухамедова макалада улуттук арнамыска тийээр учурлар кыйла экенин белгилеген. Д.Кыштобаев кыргыз бийлигиндеги аркыл деңгээлдеги адамдардан айырмаланып, А.Акаев абыдан интеллигент адам деп эсептейт. Андай киши бийликтен эч качан кетпеши керек дейт. Президенттик шайлоо ушундай “мээ чакмайдан” башталды, - деп белгилейт Людмила Жолмухамедова.

“Эки жылдан кийин өтүүчү саясий өнөктүккө – президенттик шайлоого жалаң эле жалаңтөш оппозициячылар шашып жатканы жок, ага айрым мамлекеттик “аткаминерлер” дагын ашыгууда”, - деп жазат “Кыргыз туусу” гезитинде А.Пазылов.

Иманкадыр Рысалиевдин “Агым” гезитиндеги макаласына жооп кылып автор минтип жазат: “Буюрса, бардыгы, анын ичинде парламенттик, президенттик шайлоолор дагы конституциялык мыйзамдын алкагында чечилет. Келечекте да, азыркыдай эле, эл тагдырына күйүп-бышкан азаматтардын күнү тууйт”.

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын жергиликтүү маалымдоо каражаттарынын баркы көтөрүлүп, камылга эмитен башталганын шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити жазды. Каржыдан кыйналган жергиликтүү басылмалардын келаткан шайлоодон үмүтү чоң. “Биздин кедейлигибизден пайдалангысы келип, аз тыйын төлөп, чоң музыка угууну каалашат” дейт жеке менчик гезит редактору.

Ушул эле гезитте журналист Раиса Камарлинин кыргыз тилин окутуу, заманбап окуулуктарды түзүү проблемасына арналган макаласы жарыяланган. Адистердин айтымында, тил үйрөтүүнү мектеп партасынан баштоо зарыл. Бирок да азыркы мектептин абалын, 500 сомдук маянага айласыз иштеп жүргөн мугалимдердин жашоосун көрүп сапаттуу билим тууралуу кеп кылыш кыйын, - деп белгилейт автор.

Мамлекеттик тилди киргизүү боюнча чиновниктер катаң чараларды ойлоп табууга эле уста. Иш жүзүндө болсо эч кандай аракет жасалбайт. Тил тагдыры ойкелди чечилет. Айыл мектептериндеги окуучулардын көбү адабий тилде сабаттуу жаза алышпайт. Ошондуктан айрым окумуштуулар мектептерде коштилдүүлүктү жайылтуу зарылдыгын айтышуда.
XS
SM
MD
LG