Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Жерүй кени боюнча коомдук талкуу өттү


ТАЛАС. Биринчи жолу уюштурулган коомдук талкууну репродуктивдик ден-соолук боюнча "Альянс" коомдук бирикмесинин Таластагы филиалы уюштурду жана ага Бишкектеги, Жетиөгүз районундагы Барскоон айылындагы экологиялык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, адам укуктары боюнча бюронун, “Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюмунун, ошондой эле Талас облусттук администрациясынын кызматкерлери, саламаттык сактоо, экология мекемелеринин жетекчилери менен адистери, кен жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жашоочулары катышышты. Экологдор менен дарыгерлер, укук коргоочулар менен айыл жашоочулары алтын кенин иштетүүдө кырсык чыгып кеткен шарттарда көрүлүүчү чаралар, ушуга байланыштуу юридикалык даярдыктарды көрүү маселелерин талкуулашты. Коомдук талкууга чакырылгандыгына карабастан кенди иштетүүчү "Талас голд майнинг компани" ишканасынын өкүлдөрүнүн келбей койгондугу жоопкерчиликтен качуу катары белгиленди. Кийинки коомдук талкуу элдин катышуусу менен Бекмолдо айыл өкмөтүндө өтө турган болду.

Кабарлар түрмөгүн Бишкектен Азиза Турдуева жана Аманбек Жапаров даярдады

Редактор – Кубат Оторбаев

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG