Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:24

Өнөр адамдары өкмөт сунуш кылган талапкерге нааразы


БИШКЕК. “Жаңыдан уюшулган маданият жана тил комиссиясынын башчылыгына өкмөт тараптан көрсөтүлгөн Болот Осмонов мурда опера жана балет театрында иштеп жүргөндө финансылык тартип бузууга жол берген. Соттук териштирүүдө Осмоновду күнөөлү деген соттун өкүмү менин колумда турат». Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дооронбек Садырбаев бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Мыйзам чыгаруу палатасынын Билим, илим жана маданият комитетинин төрагасы, депутат Жангороз Каныметов баш болгон комиссия Болот Осмоновго байланыштуу ишти текшерүүнү колго алды.
Ал эми искусство чеберлери баш болгон жүзгө жакын адам Билим берүү министрлигинин залында бүгүн нааразылык жыйынын өткөрүшүп, маданият жана тил комиссиясынын башчылыгына өкмөт сунуш кылган талапкерге каршы экендиктерин билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG