Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Табигый кырсыктардан жапа чегүүнү төмөндөтүү боюнча коомдук талкуу өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги «Достук» мейманканасында Дүйнөлүк банктын «Кыргызстанда табигый кырсыктардын таасирин төмөндөтүү» деген аталыштагы долбоору боюнча коомдук талкуу өттү. Дүйнөлүк банктын бул долбоорунун негизги максаты табигый кырсыктардын, көчкү, суу ташкындарынын учурунда калктын коопсуздугун камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелет. Долбоордо Жалалабад облусуна караштуу Майлуусуу шаарындагы уран калдыктары бар жерлерди реабилитациялоо, шаар калкын уу калдыктарынын радиациясынан коргоого да чоң маани берилген. Долбоордун алкагындагы талкуу республиканын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы табигый кырсыктарды алдын алуу жана мониторинг жүргүзүү департаменти тарабынан уюштурулду. Ага Дүйнөлүк банктын эксперттери, улуттук илимдер академиясынын, мамлекеттик органдар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG