Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Элдин көбү электр энергиясынын акысын төлөөгө жөндөмсүз


БИШКЕК. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын 80% жакырчылыкта жашайт. Ошондуктан, алар электр энергиясы үчүн бир нече жылдардан бери топтолгон карыздарын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Калктын негизги бөлүгү азыркы тарифтер боюнча төлөөгө жөндөмдүү эмес. Андыктан, электр энергиясы үчүн тарифтерди төмөндөтүү зарыл. Мындай пикирин Коопсуздук кеңешинин бүгүн өткөн жыйынында парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рустембеков билдирди. Парламенттин айрым депутаттары калктын электр энергиясы үчүн болгон дебитордук карызын жойуунун административдик ыкмаларынан башка ыкмаларды да кароо зарыл деген көз караштарын билдиришти. Республиканын башкы прокурорунун орун басары Рустам Исаевдин маалыматы боюнча, өткөн жылдын 20-октябрынан ушул жылдын 20-январына чейин электр энергия үчүн 155 млн сом дебитордук карыз өндүрүлдү. Бул мөөнөт ичинде республиканын башкы прокуратурасы тарабынан электр энергиясы үчүн карыздарын төлөбөгөндөргө карата 120 кылмыш иши козголду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG