Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

Террорчулар Иракта шийи менен суннилер ортосунда кагылышуу даярдоодо


Ирактагы аскерий америкалык жетекчиликтин айтымында, "ал-Каида" аттуу террордук уюм Иракта ири акция даярдап жатат деген маалыматтар чындыкка жакын. Багдаддын бир үйүндө жакында табылган жана 17 беттен турган документте суннилер менен шийилер ортосунда чатак уюштуруу пландалып жаткандыгы жазылган. Дүйшөмбү күнү ал тууралуу мамлекеттик катчы Колин Пауэлл дагы айтты: "Менин оюмча, биз былтыр Бириккен Улуттарга айткан маалымат чын болуп чыгууда. Ал-Каида Иракта аракеттенүүдө жана биз азыр анын байланыштарын издеп, алдын ала алынган маалыматтарды тактоого аракеттенүүдөбүз". Шийилер менен суннилер ортосунда араздашуу күчөп баратканы тууралуу Бириккен Улуттардын эксперттери да кабарлоодо.

XS
SM
MD
LG