Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

Иракта дагы бир жардыруу ишке ашырылып, элүү адам курман болду


Багдад шаарынан 40 чакырым алыстыктагы Искандария деген шаардын полиция түйүнүнүн жанында бүгүн бир машине жарылгандан 50 адам курман болуп, дагы элүүдөй киши жараат алды. Оорукана кызматкерлеринин пикиринде, өлгөндөрдүн саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Полициячы Садек Ходейрдин айтымында, жарылуучу зат толгон машине полициянын алдына коюлган жана ал жарылгандан имараттын бир жак капталы урап түштү. Рамади шаарында дагы бүгүн бир жан кечти өзүн өзү жардырып жибергенден төрт киши жараат алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG