Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

НИКОЛАЙ ТАНАЕВ: КУМТӨР МАСЕЛЕСИН БИРОТОЛО ЧЕЧТИК


Сапар Орозбаков, Бишкек http://gdb.rferl.org/C851BE8E-9A39-47A5-A79E-C0F33220328C_w203.jpg Шейшемби күнү премьер-министр Николай Танаев, Каржы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаев, «Кыргызалтын» акционердик коомунун президенти Камчыбек Кудайбергенов жана «Камеко голд» корпорациясынын президенти Лен Хоменюк журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүшүп, анда кыргыз өкмөтүнүн башчысы «Кумтөралтын» долбоорун кайра түзүү (реструктуризациялоо) боюнча чечим акыркы чечим экенин билдирди.

Премьер-министр Николай Танаев, «Камеко» корпорациясы долбоорду кайра карап чыгуу тууралуу сунуш менен мурда бир жолу кайрылганын, анда кыргыз өкмөтү анын сунушу өлкөгө пайдасыз болгондуктан макул болбой койгонун айтып, бу жолу кыргыз өкмөтү сунуш киргизип, «Камеко» макул болгонун белгиледи:

- Биз бул маселеге байланыштуу «Камеко» корпорациясы менен келишимди кайра карап чыгуу боюнча биротоло чечимди кабыл алдык. Апрелге чейин биз калган маселелердин баарын бүтүрүшүбүз зарыл. – деди Николай Танаев.

Анын айтымында, долбоорду кайра карап чыгуунун азыркы вариантында Кыргызстан үчүн бир топ артыкчылыктар бар. Бул келишимге ылайык, «Камеко» корпорациясы салык боюнча өзүнө берилген жеңилдиктердин баарынан баш тартып, бюджетке кошумча 30 млн доллар түшөт. Экинчиден, жаңы компаниянын түзүлүшү менен, Кыргызстан өзүнүн мурда пайдаланылбай жаткан акцияларын сатуу аркылуу акча таба алат. Үчүнчүдөн, бул вариантка кыргыз өкмөтү макул болсо, «Камеко» кендин калган бөлүктөрүн да – капталдарын жана жер алдындагы бөлүктөрүн да казууга киришип, кенди иштетүү мөөнөтү узарат. Төртүнчүдөн, Кыргызстандын бул компанияга акционер катары кириши менен, өлкөнүн кредиттик рейтинги жогорулап, башка булактардан да арзан кредит алууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Бешинчиден, жаңы компанияга Кумтөрдөн башка кендер да киргендиктен, бул ишке мүнөздүү тобокелчилдик азаят. Николай Танаев «Кыргызстанга эмне үчүн акциялардын үчтөн бири гана берилип жатат» деген суроого мындай деп жооп берди:

- Эмне үчүн үчтөн бири? «Центерранын» курамына Кумтөрдөн башка «Камеко» компаниясы ээлик кылган башка 3 кен кирип жатат.

Бирок, «Камеко» ээлик кылган бул кендерде баардыгы биригип, 100 тоннага жетпеген алтын бар. Ал кендердин запасын тактоо иретинде «Кумтөр голд» корпорациянын президенти Лен Хоменюктан сураганыбызда:

- Биздин эсеп боюнча болжол менен 1 млн унция алтын бар, - деди Лен Хоменюк Монголиядагы «Гатсуурт» алтын кени тууралуу.

Анын айтымында, Монголиянын «Боро» жана АКШнын «Рен» алтын кендеринде деле 1 млн унциядан алтын бар. Алардын 60 тоннасы гана «Камекого» таандык болуп эсептелет. «Камеконун» үлүшкө кошкон кендеринин ичинен бирөөсү да иштетиле элек. Быйыл гана «Боро» кени ишке берилет деп жатышат. Ал эми «Кумтөр» болсо киреше берип жаткан ишкана болуп эсептелет. Жыйында Николай Танаев кендер кандай бааланары тууралуу кенен маалымат берди. Ал белгилегендей, эгерде кен чалгындалып, бирок запасы биротоло тактала элек болсо, анын 1 унция алтыны 50 доллар деп бааланат экен. Ал эми эгерде чалгындалып да, такталып да бүтүп, бирок техника-экономикалык негиздемеси даяр эмес болсо - 100 доллар, эгерде техника-экономикалык негиздемеси бүткөн болсо - 120 доллар, иштетилип жаткан болсо - 150 доллар турат. Ушул баалар менен эсептеп чыкканда Кыргызстандын жаңы компанияга киргизген үлүшү 53%, «Камеконуку» 47% түзөт.
Акциялар болсо Кыргызстанга 33%, «Камекого» 67% деп бөлүнгөн. «Эмне үчүн мындай» деген суроого Николай Танаев:

- Кыргызстан кандай кылган күндө да баалуу кагаздар рыногуна өз алдынча чыга албайт, - деп жооп берди.

Парламенттин айрым депутаттары долбоорду кайра карап чыгуунун бул варианты Кыргызстанга пайдасыз деген пикирлерин билдиришүүдө. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев:

- Биз бийликти да, бизге түшө турган кирешени да жоготуп жатабыз. Бул Кыргызстан үчүн зыян , - дейт.

Мыйзам чыгаруу жыйыны бул маселени мурда бир жолу карап, Жогорку Кеңештин макулдугусуз «Кумтөр» долбоору өзгөртүлбөсүн деген токтомду кабыл алып койгон болчу. Буга байланыштуу суроого өкмөт башчы мындай деп жооп берди:

- Парламент териштирип көрөт. Эмоциядан сандарга өтсө, мен туура чечим кабыл алышат деп ойлойм.

Премьер-министрдин айтымында, өкмөттүн бул чечимин парламент жокко чыгара албайт.

XS
SM
MD
LG