Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

ИШКЕРЛИК ЭМНЕДЕН БАШТАЛАТ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Көп адамдар “акча болсо, бирөө карызга акча бере койсо эле, айлантып акча кылат элем” деп ойлошот. Бирок, ишкерлик кылуу үчүн алгачкы капитал анчалык маанилүү маселе эмес. Акчасы болуп туруп, банкрот болгондор да аз эмес.

Туугандарынан карыз алып, пайда тапмак тургай, ошол акчанын өзүн чыгара албай, туугандары менен жаман-жакшы айтышкандар толтура. Ошондон улам туугандарынан, дос, тааныштарынан айрылгандар бар. Банктан кредит алып, иши жүрбөй үй-жайынан айрылгандар да чыгат. Алган акчасынан ажырап, уятына чыдабай асынып өлгөндөр да кездешет. Бутуна туруп, иши жакшы жүрүп жаткан ишкерлердин баары бир ооздон эгерде акча табуунун жолдорун билсең, бир идеяң болсо алгачкы капитал кеп эмес экенин, ал өзү эле табылаарын белгилешет. Бишкектеги «Кыргызконцепт» компаниясынын директору Эмил Үмөталиев буга байланыштуу мындай дейт:

- Бул - чоң жаңылыштык. Мен ишкерликти баштаганда акчам жок эле баштагам. Кийген шымымдын жамаачысы бар эле. Ошол жылдары эч кандай капиталым жок эле ойлоп жүргөн бир идеям бар болчу. Идеямдын туура экендигин далилдеп айтып берип, жардам берээр кишилерди тапкам. Өзүмдүн билимимди жана тажрыйбамды пайдалангам. Рекламага апамдан анча-мынча акча алып, ишти баштап кеткенбиз. Азыр бирөөлөр «ал кезде болсо болгондур, азыр ишкерликти баштоо кыйын» деп айтышы мүмкүн. Мен азыр деле баардык акчамдан айрылып калсам да, ден соолугум болсо, эч кимден бир тыйын албай туруп бизнес баштап кете алаарыма ишенем.

Эмил Үмөталиевдин мындай пикирине карабай, турмушта ар бир адам композитор же жазуучу боло албаган сыяктуу эле ар бир адам ишкер боло албайт. Статистика боюнча иш баштаган 100 адамдын 4 гана ишин өркүндөтүп кетип, калган 96сы бир жылга жетпей банкрот болушат. Кыргызстанда деле ошондой болуп жатат. 1990-жылдардын башында күркүрөп иштей баштаган ишкерлердин көбү банкрот болушуп, азыр аттары угулбай кетти. Жакшы ишкер болуш үчүн, албетте, талант керек. Бирок таланттын өзү, ошол таланттуулардын өздөрүнүн айтуусу боюнча, 99% эмгектен турат. Композитор жана жазуучу өз кесибин сүйүп, талыкпай эмгектениш керек сыяктуу эле ишкерлер да өз ишин күнү-түнү ойлоп, анын ысык-суугуна даяр болушу зарыл. Ишкер болом дегендердин көпчүлүгү ошого эрки жетпей, башында же орто жолдон таштап салышат. Буга байланыштуу
«Азат» компаниясынын ээси Өмүрбек Абдрахманов мындай сырын биз менен бөлүштү:

- Бир нерсе кылыш үчүн эң негизгиси адамдын ошого каалоосу болуш керек. Эң күчтүү каалоо пайда болсо, адам ошонун тегерегинде ой жүгүртүп калат. Уктап жатсаң да, туруп басып жүрсөң да ошону ойлойсуң. Анан «эмне кылыш керек, кандай кылсам туура болот» деген суроолорго акырындап жооп табыла баштайт. Көп кишилер күнү–түнү ойлонбойт. Сен ойлонсоң, алардан озуп кетесиң. Ишкерлик акылдын көптүгүнө эмес, адамдын аракетине жараша болот. Күнү-түнү ойлосоң башкалардын башына келбеген бир нерселер сенин башыңа келе баштайт. Анан ошол ишти жүзөгө ашырыш үчүн аракеттенишиң керек. Ошонун түбүнө жетиш үчүн талыкпай аракет кылсаң гана максатыңа жетесин.

Ишкерликти ар ким өз кесибине байланыштуу, өзү жакшы билген иштен баштаганы оң. Өзүң жакшы билген иште гана сен башкалардан сапаттуу, арзан товар өндүрүп, же кызмат көрсөтүп, товарың өтүмдүү болот. Ката кетирип, жаңылбайсың. Эгерде башка иш менен бизнес жасайм десең алды менен аны жакшылап үйрөнүшүң керек. Анан дароо эле чоң иш баштабай, иш жакшы жүрүп бара жатканына көзүң жеткенде гана, аз-аздап көбөйтүү зарыл. Бул маселе боюнча «Шоро» компаниясынын ээси Табылды Эгембердиев минтет:

- Бизнесмен болом дегендерге берер кеңешим эле ушул: аябай ойлонуш керек. Жети ойлоп эмес, жетимиш ойлоп бир кесиш керек. Мен көп эле бизнесмен болом дегендерди көрүп жүрөм. “Муну жасайм”, “тигини жасайм” деп келишет. Мага канча туугандарым, тааныштарым иш баштайбыз деп, акча сурап келишти. Алардын баары азыр банкрот болушту. Кыргызда жоопкерчилик деген жок. Кредит алаарда тигини тиги жерге алып барып сатып, акчасын бере коем деп ойлошот. Анан банкрот болуп чыгышат. Канча банкты банкрот кылышты. Кайда барба “тиги мага баланча акча карыз” деп бири бирин кубалаган эле кыргыздар. Бул нерсеге өтө этият мамиле кылыш керек. Чыдамкай бол. Биринчи баштаганда эле ишиң жүрүп кетпейт. Аздан башташ керек. Белди бекем бууп, азыраак жеп-ич. Тапкан-ташыгандын баарын ишке салып, ишти бутуна тургуз . Акча табам десең, мүмкүнчүлүк толтура. Ал үчүн соода кылып жаткан кишилерге барып кошо иштеп, ишкерлерге илешип, иш эмне экенин көрүш керек.

“Азыр заман кыйын болду деп көп адамдар кейип жүрүшөт. Бирок, андай эмес. Азыр сүйлөйм десең оозуң бош, басам десең бутуң бош, эркин заман. Баалай билген адам үчүн бул аябагандай чоң баалуулук. Заман жакшы. Күнөө бул зор мүмкүнчүлүктөн пайдалана албаган өзүбүздө болуп жатат” дешет айрымдар. Кээ бир адамдар заманды туура пайдаланып, жакшы жашап жатышканын өз көзүбүз менен көрүп жүрөбүз. Биз жана кепке тарткан адамдар ошондойлордон болуп саналат. Алар кантип ишкер болуп кетишкенин алардын өздөрүнүн оозунан угалы. Алды менен бул адамдар жөнүндө кесиптешим Чолпон Орозобекова маалымат берет:

Өмүрбек Абдрахманов, 55 жашта. Кыргыз улуттук университетинин математика факультетин бүтүргɵн. Өз кесиби менен совет убагында да иштеген эмес. Кыргызстанда демократиялык кыймыл башталганда чоң саясатка аралашып, бир нече жыл жүргɵндɵн кийин гана накта бизнестин жолуна түшкөн. Аларман табылбай аткан бир чоң дүкɵндүн бир жак ыптасын сатып алган күндɵн баштап эмерек бизнесине баш оту менен кирип кеткен. Анын «Азат» компаниясы өлкөдөгү эмерек чыгарган ишканалардын абройлуусу болуп эсептелет. Бүгүнкү күндɵ өндүрүшүн кеңейтип, эмерек чыгарчу дагы бир ишкананы куруп жатат. Өмүрбек Абдрахманов эмерек жасаганды Түркиядан үйрөнүп келген. Ал саясатка аралашып жүргөндө «Депутаттык азилдер» деген китеп чыгарганы маалым. Анда сөз Өмүрбектин өзүндө:

- Жашоо үчүн, нан үчүн көп нерсе менен алагды болдум. Шыпыргы саткан күндөр да болду. Калпак тигип саткан күндөр болду. Шекер саткан күндөр болду. Ошентип, анча-мынча акча тапкандан кийин дурус адамдар менен жолугуп калдык. Анан эмерек дүкөнүнүн бир жагын сатып алганыбыз түрткү болуп кетти. Сатып алганыбыз да кызык болду. «Чоң дүкөн экен, муну эмне кылмак элек» деп эч ким албай коюптур. Айласы жок аны бизге беришти. Биз карызга акча таап, сатып алганбыз. Бул 1992- жылы болгон. Ошону менен биз эмерек менен иштөөгө мажбур болдук. Чет мамлекетке - Дубайга барып, баш аягы 3 жылдай жүрдүм. Ал жактан эмерек жиберип турдум. Ал жерден жакшы адамдар менен жолугуп, алар бизге эмеректи акчасыз берип турушту. Биз аларды уят кылбай, акчасын кайрып берип турдук. Ташып атып мойнубуз жооруду. Андан кийин «эмне үчүн биз чыгара албайбыз» деп ойлодук. «Биздин колубуз, мээбиз жокпу, аракет кылалы» дедик. Дубайдагы фабрикаларды көрдүк. Анан Түркияга бардык. Үйрөнө турган жер Түркия болду. Түрктөр бизди туугансынып жашыруун сырларын айтып беришип, баарын көргөзүштү. Эмерек жасаганды ошол жактан үйрөнүп келдим. Келгенде Германиянын кредиттик линиясынан кредит алдым. Германиядан станок, машинелерди сатып алып, азыркы фабриканы курдум. Анан иштей баштадык. Быйыл 7 жыл болуп калды кредиттен кутулдук.

Табылды Эгембердиев 53 жашта. Кесиби - курулуш инженери. Совет убагында окумуштуу болом деп ойлогон. Жогорку окуу жайда сабак берип, аспирантурада окуп да жүрдү. СССР ыдырагандан кийинки башаламан заманда саясатчы болуп, Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясында да жүрдү. Андан кийин публицистикада ɵзүн сынап, макалаларды жазды. «Шоро» компаниясын Табылды Эгембердиев 1992- жылы ишке киргизген. Учурда Ошто жана Алматыда бул ишкананын филиалдары бар. Т. Эгембердиев азыр жарма менен чектелбестен, кыргыздын кымызын бɵтɵлкɵгɵ куюп, Орусиянын шаарларына экспорттой баштады. «Шоро» учурда 1 жылда мамлекеттик казынага 10-12 млн. сомго чукул салык тɵгɵт. Т. Эгембердиев жакында «Шоро» аттуу футбол командасын түздү. 25 жигитти машыктырганга Франциядан мыкты тренер алып келди. Сөз Табылды Эгембердиевде:

- Жашоо деген өзүнүн коррективаларын киргизет экен. Бала-бакыра, үй-бүлө бар дегендей. Тамеки сатып алганга акча жок болчу. Мага «келе тамеки» деген ат коюп алышкан. Барган жерде «келе тамеки» деп сурап жатып калчумун.1985-жылдан бери ушул максым жөнүндө ойлоп жүрдүм эле. Бул ишкерлик ошол идеянын уландысы болуп кетти. Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки жылдары мен канча кишиге кредит алып бердим. Лицензия да алып берип жүрдүм. Мен үчүн ал кезде ачылбаган эшик жок болчу. Кандай деңгээлдеги маселе болсун, чечип берип жүрдүм. Өзүм ошого компоюп ыраазы да болуп жүрдүм. Жарма менен бозону Совет убагында кыргыздын келиндери милициядан коркуп, базарлардын артында, дааратканын жанындагы ыплас жерлерде жашынып сатышчу. Мен өзүм буга уялып, намыстанчымун. Ошондо жарма жөнүндө ойлоно баштадым. Жарманы чыгаргым келди. Кудайдын буйругу экен, бул ата-бабадан калган касиеттүү суусундукту эл кабыл алып, ичип кетти. Үй-бүлөнү багам деп жүрүп, уланып кетти. Азыр ушул деңгээлге жеттик. Акча табуунун миңдеген жолу бар болчу. Мен элге окшоп соода кылып кетсем, балким башкача бизнес жүргүзүп калат белем. Баштаганда максымды апам жасап берди. Күндө эле жасалчу максым жасап берди. Көрсө апамдын жасаган жармасы бир-эки күндүк жарма экен. Анан кийин жарабай калат. Бир чака жарма менен 1 тонна жарманын , 1 тонна жарма менен 10 тоннанын айырмасы болот экен. Мен мунун үстүндө көп иштедим. Изилдеп, издендик. Өндүрүштүк деңгээлде рецебин ойлоп чыгардык. 6 жолу жараманы жасоо технологиясын өзгөрттүм. Канча акча асманга сапырылды дейсиң.

Эмил Үмɵталиев, кесиби боюнча математик. Совет убагында комсомолдук жана партиялык жумуштарда жүрдү. Акыры коммунисттик режимдин кɵрɵр күнү аз калганын сезип, СССР кулаарына жарым жыл жетпей, кызматын таштап баса берет. Учурда ал жетектеген «Кыргызконцепт» дүйнɵ жүзүнүн ар бурчуна билет сатат, саякаттап келгендерге бул жакта шарт түзɵт. Чет мамлекеттердеги мейманканалардан алдын-ала орун алып берет, Алматы, Ташкент аба майдандары аркылуу узатып-тосуп алуу милдетин да аркалайт. Ошондой эле эл аралык деңгээлдеги семинарларды, тегерек үстɵлдɵрдү ɵткɵрүүгɵ кол кабыш кылып, алыстан келген меймандарды жылуу-жумшак тосуп, узатаарга чейинки түйшүктү мойнуна алат. Сөз Эмил Үмөталиевде:

- Баштаганда эле жөнөкөйдөн баштадык. Келген конокко жол көргөзүп, машинеге отургузуп, бараар жерине жеткирип, чемоданын көтөрүп жүрүп баштадык. Аларга тилмеч болуп жүрдүк. Андан мурда англис тилин үйрөтүүдөн баштаганбыз. 1991-92-жылдары англис тили боюнча курстарды уюштурдук. Мен Бишкекте эң биринчи болуп англис тили боюнча курстарга чет мамлекеттерден волонтерлорду чакыргам. Ал кезде Роза Отунбаева эгемендүү Кыргызстандын элчиси болуп дайындалып, АКШда элчилик ачкан. Мен ал кишиге ойлорумду айтып берсем, ал туура көрүп колдогон. Америкадан волонтерлорду чакыра баштадык. Англис тили эне тил болгон Америка, Англия, Канададан воленторлор келишип, биздин курска мугалим болуп беришкен. Ал курстарды конкуренциясыз 2 жыл иштеттик. Анан биз өнүгүп, ишкерликтин башка түрлөрүнө өткөнбүз. Азыр андай волонтерлор көбөйүп кетти. Мен волонтерлорду биринчи чакырганыма сыймыктанам.
XS
SM
MD
LG