Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:10

Ирандын Көзөмөл кеңеши депутаттыкка талапкерлердин үчтөн биринин шайлоого катышуусуна тыюу салды


Алардын көпчүлүгү реформачылар. Кечээ жарыяланган тизмеге ылайык депутаттыкка талапкер болгон 8160 адамдын 5625нин гана шайлоого катышуусуна уруксат берилген. Мунун менен талапкерлердин дээрлик үчтөн биринин шайлоого катышуусуна тыюу салынып олтурат. Алты дин ишмеринен жана алты юристтен турган Көзөмөл Кеңеши тарабынан депутаттыкка талапкерлердин "кара тизмесинин" түзүлүшү реформачыл күчтөрдүн нааразылыгын жаратып, өлкөдө саясий кризистин чыгышын шарттады. Реформачылар муну менен 20-февралга белгиленген шайлоонун адилеттүүлүгүнө шек кетти деп эсептешет. Президент Мохаммад Хатами адегенде Көзөмөл кеңешинин чечимин сынга алган, бирок кийинчерээк шайлоо белгиленген мөөнөттө өтүш керектигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG