Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Москвада орус жана грузин президенттеринин сүйлөшүүлөрү өтөт


Грузиянын жаңы президенти Михаил Саакашвилинин Орусиядагы иш сапары кечээ башталды. Саакашвилинин айтымында, ал эки өлкөнүн мамилесин жакшыртууну каалайт. Кечээ ал Москвада, Эл аралык мамилелер институтунун студенттери менен жолуккан учурда мындай деди:
- Эгер Орусия Грузия менен мамилесинде грузин калкынын суверенитетин жана абийирин урматтоого незиделген прагматикалык жолду кааласа, мен ишенем, биз кызматташтыгыбызды чыңдап, эки тарап үчүн тең бирдей, мыйзамдуу кызыкчылыктарды алдыга жылдыра алабыз.
Орусия менен Грузиянын мамилеси Советтер Бирдиги тарагандан бери эле жакшы эмес. Москва көпкө чейин Грузияны өз аймагында чечен козголоңчуларын башпаанектетип, алардын чек арадан ары - бери өтүшүнө мүмкүндүк берип жатканы үчүн айыптап келди. Грузия орус аскерлери өлкөдөн тезирээк чыгып кетишет каалайт. Буга Москва макул эмес. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө ушул жана башка маселелер көтөрүлчүдөй.

XS
SM
MD
LG