Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Ирактагы соңку жардырууну ким жасаганы, ким жоопкер экени азырынча белгисиз


Андан 50дөй адам мерт болду, кеминде 75 киши жаракат алды. Ирактагы коалициялык күчтөрдүн өкүлү, америкалык генерал Марк Киммит жарылуунун чоо-жайы тууралуу мындай дейт:
- Коалициянын күчтөрү болжол менен 225 килограммдай жардыруучу зат салынган автоунаа жарылганын малымдашты. Ал Багдаддын түштүк тарабындагы Искендерия шаарынын полиция бекетинин жанында жарылган.
Америкалык генералдын айтымында, жардыруу үчүн ким жоопкер экени, ал жанкечти тарабынан жасалганбы же жокпу, азырынча белгисиз. Искендерия шаары башкалаа Багдаддан 40 чакырымча алыстыкта жайгашкан. Жарылуу болгон учурунда полиция бекетинде ишке орношуу үчүн арыз берүү максатында келген жүздөгөн адамдар бар эле.
Мунун аралыгында кечээ Ирактын коалициялык админстрациянын өкүлү Саддам Хусеиндин саламаттыгы жакшы экенин, бирок ал тергөөчүлөр менен кызматташпай жатканын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG