Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

ИРАКТА ТЕРРОР АРАКЕТТЕРИ КӨБӨЙҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага 10- жана 11-февралда Иракта эки ири жардыруу уюштурулуп, андан курман болгондордун жалпы саны сексенден ашты. Америкалык аскерий жетекчилердин айтымында, "ал-Каида" сыяктуу террордук уюмдар Иракта ич-ара согуш ачып жиберүүгө аракеттенүүдө жана ага айрым далилдер бар.

АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, 9-февралда Багдаддын бир үйүндө тинтүү жүргүзүлгөндө, "ал-Каиданын" жетекчилигине жазылган кат табылган. Он жети беттен турган ал катта - шийи менен суннилер ортосундагы араздашуудан пайдаланып, Иракта дүрбөлөң баштоого каражат жетишпей жаткандыгы айтылып, жардам суралган. Иракта ич-ара куралдуу кагылышуу баштоо даярдалып жаткандыгы тууралуу ошол эле 9-февралда мамлекеттик катчы Колин Пауэлл дагы айтты: "Менин оюмча, биз былтыр Бириккен Улуттарга айткан маалымат чын болуп чыгууда. Эл аралык террордук уюмдар Иракта аракеттенүүдө жана биз азыр алардын байланыштарын издеп, алдын ала алынган маалыматтарды тактоого аракеттенүүдөбүз".

Ирактагы америкалык генерал Ралф Бейкердин айтымында, акыркы эки жардыруу тең "ал-Каида" колдонгон ыкмалар менен жасалган, бирок башка эксперттердин пикиринде, террор аракеттерин ким ишке ашырганы тууралуу так айтуу азырынча мүмкүн эмес. 10-февралда жарылган машине бир кезде президент Саддам Хусейндин чалгындоо кызматында иштеген адамга катталган болуп чыгууда. Ал машине Багдаддан 45 чакырым алыстыктагы Искандария аттуу шаардагы полиция түйүнүнүн жанында жарылган жана андан дароо 50 адам өлүп, жүздөн ашык киши жараат алган. Ооруканадагы доктурлардын айтымында, курман болгондордун саны элүү үчкө жетти.

Бүгүн, 11-февралда эртең менен Багдад шаарында ишке ашырылган жардыруу болсо жумушка орношуу үчүн жергиликтүү кеңсенин алдында үч жүздөй адам чогулган жерде уюштурулган жана "Олдсмобил" үлгүсүндөгү эски машине ал жерге жай айдалып келгенин көп адам көргөн. Жарылуудан дароо 36 адам курман болуп, ондогон киши жараат алды. Ирактын ички иштер министринин орун басары Ахмед Ибрагимдин айтымында болсо, 47 киши өлүп, дагы элүүдөй адам жарадар болду.

Үстүбүздөгү жылы эле Иракта тогуз ири жардыруу ишке ашырылды жана кээ бир жергиликтүү тургундардын айтымында, америкалыктар келбегенде, өлкөдө мынчалык террор жайылбайт болчу. Искандариядагы жардыруудан кийин окуя болгон жерде антиамерикалык маанайдагы ондогон адам чогулуп, жардырылган полиция түйүнүн басып алабыз дегенде, кайтаруучулар аларды күч менен тараткан.

Акыркы мезгилде жанкечти террор аракеттери Иракта өтө көп ишке ашырыла баштады жана Рамсфелддин айтымында, аларды толугу менен токтотуп салуу өтө кыйын. Биринчи февралда Арбил шаарындагы күрд жетекчилеринин кеңсесинин алдында удаасы менен эки жардыруу болгондон 101 адам өлүп, 133 киши жараат алган. 18-январда Багдаддагы америкалык башкаруучулуктун баш ордосунун алдындагы жардыруудан 25 адам набыт болгон.

27-октябрда Багдад шаарында биринин артынан бири болгон төрт жардыруудан 35 киши өлүп, 230 адам жараат алган. Жардыруулардын бири - Кызыл чырым уюмунун кеңсесинин алдында уюштурулган жана ал террор аракетинен кийин Бириккен Улуттар Уюму өз кызматкерлерин Ирактан чыгарып кеткен. 29 августта болсо Нажаф шаарындагы мечиттин алдында ишке ашырылган жардыруудан шийи мусулмандарынын лидери аятолла Мохамед Бакир ал-Хаким жана дагы 82 адам курман болуп, 175 киши жараат алган. Анын алдында, 19-августта Бириккен Улуттардын Багдаддагы баш кеңсеси жардырылып, уюмдун Ирактагы өкүлү Сержио Виейра ди Мелло жана дагы 21 адам набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG