Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Бейөкмөт уюмдар мамлекеттик кызматчылардын кыргыз тилин милдеттүү билишин жакташат


БИШКЕК. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын тутумундагы 12 бейөкмөт уюмдун жетекчиси бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин наамына кат жолдоду. Анда белгиленгенге караганда, «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам долбооруна кыргыз улутунун айрым өкүлдөрү тарабынан тоскоолдуктар жасалып жатат.
Бейөкмөт уюмдардын мындай кайрылуу менен чыгышына 10-берене негиз берген. Ассоциация төрайымы Токтайым Үмөталиеванын пикиринде, бул мыйзамдын айланасында саясий оюн жүрүп жатат.
10-беренеде «Мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл көлөмдөгү мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү» деп жазылган. Бул жобо өткөн аптада парламенттик отурумда олуттуу пикир келишпестикти жараткан. «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун талаш туудурган беренелери Жогорку Кеңештин бейшембидеги отурумунда кайрадан талкууга коюлаары күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG