Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:57

Аскар Акаев Москвага эс алууга кетти


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев 9-февралда кыска мөөнөткө эс алууга чыгып, ошол эле күнү Подмосковьедеги эс алуу жайлардын бирине жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Президенттин маалымат кызматы ошондой эле президент Акаев эс алуу учурунда Орусиянын президенти Владимир Путин баш болгон жетекчилер менен жолугаар-жолукпасы белгисиз экенин белгилешти. Ал эми оппозициячыл саясатчылардын айрым өкүлдөрү Аскар Акаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен 2005-жылы болуучу президенттик шайлоо тууралуу сүйлөшүү максатында Москвага эс алууга кеткендигин айтышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG