Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Шардара суу сактагычындагы абал Бишкекте талкууланды


БИШКЕК. «Кыргызстан менен Өзбекстан сууну натыйжалуу пайдалануу тууралуу үстүбүздөгү жылдын 4-январында Чымкентте кабыл алынган келишимди толук аткарбай жатат». Мындай пикирин Казакстандын вице-премьер-министри Ахмеджан Есимов Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандын вице-премьер-министрлеринин 11-февралда Бишкекте өткөн жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган келишим боюнча Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан агызылган суунун өлчөмүн секундуна 500 куб метрге чейин азайтууну убада кылып, өз убадасын толук аткарган жок. Натыйжада, учурда Казакстандын Шардара суу сактагычына суу адаттагыдан көп топтолуп, бүткүл аймакка коркунуч жаратууда. Ал эми Өзбекстандын вице-премьер-минстри Өткүр Султанов «Кыргызстан коңшу өлкөлөрдүн өтүнүчүнө карабай кыш айлары суу сактагычтардан аккан суунун көлөмүн азайтпай жатат» деген пикирин билдирди. Кыргызстандын адресине айтылган жогорудагыдай сын-пикирди Кыргызстандын вице-премьер-минстри Базарбай Мамбетов «негизсиз» деп четке какты. Анын айтымында, Кыргызстан келишим боюнча Токтогул суу сактагычынан агызылган суунун өлчөмүн секундуна 500 куб метрге чейин азайтты. «Натыйжада, өлкөдө электр энергия аз өндүрүлүп, кыргыз өкмөтү атуулдарга берилүүчү электр энергиясынын өлчөмүн 20% чейин азайтты» деп кошумчалады вице-премьер-минстр Базарбай Мамбетов.
Отурумдун соңунда биргелешкен протоколго кол коюлду. Анын негизинде Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан секундуна 500 куб метр, Тажикстан Кайраккум суу сактагычынан секундуна 900 куб метр суу чыгарууга милдеттенди. Ал эми Өзбекстан Арнасай куймасына секундуна 550 куб метр сууну бурууга милдеттеме алды.

XS
SM
MD
LG