Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

СЕНАТОР-ДЕМОКРАТ Ж. КЕРРИ ЖЕҢИШИНЕ ЖЕҢИШ КОШТУ


Cенатор-демократ Жон Керри мурдакы жеңиштерин бекемдеп, Виргиния жана Теннесси штаттарында да партиялаш атаандаштарын утуп чыкты. Байкоочулардын айтымында, Керринин шейшемби күнкү ийгилиги, анын ноябрда болчу президенттик шайлоодо Жорж Буш менен таймашка чыгуу мүмкүндүгү күчтүү экенин күбөлөйт.

Шейшемби күнкү “праймериз” деп аталган саясый өнөктүктүн жыйынтыгы америкалык шайлоочулар жердешчиликти унутуп, президент болом деген талапкердин саясый дараметине көп маани бере башташканын Батыштын маалымат каражаттары көз жаздымында калтырбады.

“Массачусеттстик сенатор-демократ Жон Керри түштүктүк эки атаандашын утуп, сынчылардын Жаңы англиялыктар акыркы жылдары бул региондо утпаган жана жеңишке жетпейт деген сөздөрүн жокко чыгарды”,-деп белгиледи Нью-Йоркто чыгуучу кадыр-барктуу “The Wall Street Journal” гезити.

Добуш берүүнүн жыйынтыгын карсак, Виргинияда түндүктүк Жон Керри 52 процент, өзүн түштүктүн “келечекки ишеничимин” деген Жон Эдвардс 27, түштүктүн экинчи бир “кулуну” Уесли Кларк 9 процент добуш алды. Теннессиде Керрини делегаттардын 41 проценти, Эдвардсты 26 жана Кларкты 23 проценти колдошту.
Натыйжада, Керри баштапкы шайлоо өткөн 14 штаттын 12де жеңип чыгып, Демократтык партиянын июль айында Бостондо өтчү улуттук курултайында утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү башка талапкерлерге караганда зор экенин көрсөттү.

Жон Керри республикачыл Жорж Буш менен эрөөлгө чыгуу укугун алуу үчүн Бостондогу курултайга катышчу 2162 делегаттын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болушу керек.
Керри азыр зарыл добуштун төрттөн бирине гана ээ.

Отставкадагы генерал Уэсли Кларктын жардамчылары билдиргенге караганда, ал шаршембиден кечикпей жарыштан чыкканын жарыя кылат.

“Түштүк тегеле Буштун жери эмес. Бул менин жерим. Мен аны өз жеримде жеңем”,- деп ураан чакырган Эдвардс жарышты али токтотпойт.
Вермонт штатынын мурдагы губернатору Говард Дин Виргиния жана Теннесси штаттарындагы праймеризге катышпады. Бирок, ал Түндүк каролиналык талапкер Эдвардс сыяктуу эле болбоду дегенде 2-мартка чейин күрөштү токтотпосун билдирди.

Шейшемби, 2-март күнү баштапкы деңгээлдеги шайлоо Калифорния, Нью-Йорк жана башка сегиз штатта өтөт. Бул 10 штатта президенттикке талапкер шайлануучу улуттук курултайга катыша турган делегаттардын жарымы жашайт.

Эдвардс менен Диндин кеңешчилери айтканга караганда, Керри өнөктүктүн алгачкы күндөрүндөгү ийгилигинин толкунунда жеңишке жетүүдө. Талапкерлердин максат-мүдөөлөрүн жана программасын эл терең түшүнүп, маалымат каражаттары Керринин 16 жылдык сенаторлук тажрыйбасында кетирилген кемчиликтерди териштире баштаганда, аны колдоочулардын саны суюлат деп боолгошот массачусеттстик сенатордун жеңиштен үмүткөр атаандаштары.

Жон Керри башка талапкерлер сыңары атаандаштарынын кемчиликтерин чукубастан, бар чеберчилигин президент Буштун саясатын сындаганга жумшады. Мисалы, Керри Эн-би-си телеканалына Жорж Буш 8-февралда берген интервьюга карата мындай пикирин айткан:

- Менин оюмча, Американын элинде далилдери бар. Карагылачы, азыр биздин коопсуздугубуз коркунуч астында. Бир айдын ичинде Түндүк Корея проблемасы пайда болсо, президент (Буш) Улуттар Уюмуна барат. Ошондо, Улуттар Уюму анын айткан сөзүнө ишенеби?

Буш телеинтервьюда согуш ачуу чечими чалгындоо кызматтарынын маалыматтарынын негизинде жасалганын айтып, Иракта кыргын салчу куралдар табылбаганы менен, Саддамдын андай куралдарды жасоо аракети токтотулду деген болчу.

Жон Керри шейшемби күнкү өнөктүк учурунда да Бушту сындаганын улантты. Ал АКШнын экономикалык абалы жөнүндөгү Буштун администрациясы даярдаган докладды:”Бул докладды Иракта чалгындоо маалыматын чогулткан адамдар даярдагандай көрүнөт. Жумушсуздук боюнча көрсөткүч мурдакы 11 президенттин тушундагыдан жаман”, - деп сындады.

XS
SM
MD
LG