Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

КЫРГЫЗСТАН, КАЗАКСТАН, ӨЗБЕКСТАН ЖАНА ТАЖИКСТАН СУУ-ЭНЕРГЕТИКА МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАДЫ


11-февралда Бишкектеги Аларча мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын вице премьер-министрлери жолугушуп, суу-энергетика тармагында кызматташуу маселесин талкуулашты. Жолугушууга Тажикстандын Мелиорация, суу чарба жана курулуш министринин биринчи орун басары Исмат Эшмирзоев да катышты. Жыйын соңунда төрт тарап Нарын-Сырдарыя суу сактагычтарында кризистик кырдаалга жол бербөөнүн чаралары тууралуу протоколго кол коюшту.

Бишкектеги жолугушууда Кыргызстандын вице премьер-министри Базарбай Мамбетов, Нарын-Сырдарыясындагы суу сактагычтарды иштетүү режимин жана жазгы суунун киришине карата биргелешип чара көрүүнү талкуулоону сунуштады.

Андан кийин сөз алган Казакстан вице премьер-министри Ахметжан Есимов Кыргызстан менен Өзбекстан 4-январда Чымкент шаарында кол коюлган протоколдун талаптарын толук аткарбагандыгын айтып, анын натыйжасында 330 үй, короо-жайларды суу каптап, зыяндын көлөмү 2 миллион 300 миң доллар болгонун билдирди. Ахметжан Есимов бул маселени биргелешип чечүү керектигин, болбосо Казакстан көп чыгымга учураса да, өз алдынча жаңы суу сактагыч курууга киришерин билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстандан апрель айынан тарта Үчкоргон ГЭСинен чыгып жаткан суунун көлөмүн 500 куб метрден 400 куб метрге түшүрүүнү, ал эми Өзбекстанга Арнасай тарапка көбүрөөк суу алууну сунуштады.

- 4-январдагы протокол аткарылбагандыктан Шарадарага 600 миллион куб метр суу келди. Ал аткарылганда бүгүн Бишкекте жолугушуунун кажети жок эле. Эгерде сууну азайтпасак Казакстан үчүн да, Өзбекстан үчүн да катастрофа болот, - деди Казакстандын суу ресурстары боюнча комитетинин башчысы Анатолий Рябцев.

Ал эми Өзбекстан премьер-министринин орун басары Уткир Султанов буларга токтолду:

- Бардык проблема Нарын-Сырдарыя суусун пайдалануунун режими бузулгандыктан келип чыкты. Андан Өзбекстан да жабыркап жатат. Биз Арнасайга Шардарадан кошумча канча суу алууну карап көрөбүз. Бирок, биз чындыкка тик карашыбыз керек. Негизги маселе Токтогул суу сактагычында. Кыргызстан акыркы жылдары Казакстан менен Өзбекстан газ, көмүр, мазут саткан-сатпаганына карабай Токтогул суу сактагычынан чыккан суунун көлөмүн күз-кыш айларында кыскартпай койду.

Андан кийин Казакстандын энергетика жана минералдык ресурстар министри Владимир Школьник кыргыз тарапка мындай сунуш айтты:

- Мен кыргыз кесиптештериме техникалык жоготуулар боюнча иштөөнү сунуштайм. Акыркы 10 жылда силерде жоготуу төрт эсеге өсүп, 42% жетти. Ушул жагынан электр энергиясын керектөө көбөйүп жатат .

Отурумда айтылган дооматтарга Базарбай Мамбетов минтип жооп берди:

- Кыргыз тарап мүмкүн эмести жасады. Эгерде протоколду толук аткара албасак, ал биздин күнөөбүз эмес. Биз, Казакстандын өтүнүчүн канаттандыруу үчүн карызга 15 миң тонна мазут, 83 миң тонна көмүр алдык. Бардык керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүнү 20% кыскарттык. Бишкек ТЭЦинен кошумча электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн 164 миллин сом кошумча чыгымдадык. Эгерде ал энергияны ГЭСтерден иштеп чыксак, анын чыгымы болгону 6 миллион гана сом болмок. Бул кырдаал Кыргызстандын электр энергиясын 2003-жылы силер албай койгондон келип чыкты.

Мына ушундай маанайдагы талкуунун жүрүшүндө жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынуучу протокол долбоорун Кыргызстан өзүнчө, Казакстан өзүнчө даярдаганы айкын болду. Ал эми Өзбекстан жаңы протоколду кабыл алууга караманча каршы чыкты. Бирок, Базарбай Мамбетов төрт тарапты ынандырган чечимди табууну эксперттерге табыштоону сунуштады. Натыйжада эксперттер сунуштаган протокол долбоорун тараптар жактырып, ага кол коюлду. Ал протоколго ылайык, Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан чыккан суунун агымын секундасына 500 куб метрде кармоого милдеттенсе, Тажикстан Кайраккумдан секундасына 900 куб метр суу чыгарууга милдеттенди. Ал эми Өзбекстан Шардарадан Арнасай куймасына секундасына 550 куб метр суу алмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG