Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

КУЛДАР БРИТАНИЯДА ДАГЫ БАР ЭКЕН...


Баян Жумакадыр кызы, Прага 6-февралда Британиянын жээк сууларында 19 кишинин курман болгону британ коомчулугунда кызуу талаш-талкууларга түрткү болду. Анткени каза болгондордун жана дайынсыз жоголгон жоон топ кишинин баары Англияда иштеп жүргөн чет элдик, көбүн эсе, кытайлык иммигранттар эле.

Моакам биич деген деңиз булуңу суусу капилеттен эле көбөйүп кетээри менен атагы чыккан кырсыктуу жер. Деңиздин мындай сырын жакшы билген жергиликтүү эл адатта андай убакта жээкке жакын жолобойт. Ошон үчүн бул кырсыкты иликтеп жаткан жергиликтүү полиция жергиликтүү шарттарды билип туруп, чет элдик жалчыларды ишке айдап чыккан компания ээлерин, дегеле жоон топ чет элдикти өлкөгө аткесчилик жол менен алып келип, көмүскө иштетип жаткан гангстерлерди таап, жоопко тартууга кесенди.

Бирок биз сөз кылып жаткан 19 кишинин өлүмү британ компанияларында кара жанын карч уруп иштеп жаткан чет элдик жалчылардын арасында кезек-кезек кайталанып жаткан кырсыктуу окуялардын бири гана. Британиянын "Гардиан" гезитинин маалыматына караганда, өткөн жайда өлкөнүн парниктеринин биринде жер жемиш өстүрүүдө иштеп жаткан польшалык эки жумушчу кырсыкка кабылып өлгөн. Быйыл январь айында дагы бир чет элдик жумушчу экскаватордун күрөгү менен байкабай электр зымына тийип алып, көз жумган. Андан көп өтпөй чехиялык жана португалиялык жумушчуларды ташып бараткан машинелер сүзүшө кетип, кишилер өлгөн.

Арийне, Британияда иштеп жаткан чет элдик жумушчулардын баары эле өлкөгө уруксаатсыз келген эмес. Бирок мыйзамдуу жумушчуларга караганда, көмүскө жалчылар кыйла көбүрөөк, алардын так санын эч ким айта албайт. Чет элдик жумушчулардын дээрлик баардыгы оор жумуштарда аз акы алып иштешет. Ашкана, ал тургай, дааратканасы жок, от жагылбаган, эскилиги жеткен ыплас үйлөрдө, бир бөлмөдө ончакты киши болуп жашаган жумушчулар ишкана ээлерине иштеп тапкан акчаларынын бир кыйласын "үй кире үчүн" карматышат. Британиянын иммигрант жумушчулары баш бааналаган жайларды өз көзү менен көрүп чыккан Гардиандын кабарчысы Фелицити Лоренц компанияларды арзан жумушчу күч менен камсыз кылып, эки ортодо капчыктарын кампайтып жаткан гангстерлер иш жүзүндө "кул ээлөөчүлүктүн" жаңы моделин ойлоп табышкандыгын айтат. Туруктуу жумушчуларды иштетүүдөн келип чыга турган кошумча чыгымдардан качкан ишкерлер болсо, рыноктун катаң конкуренциясына туруштук берүүнүн жаңы амалын таап алышты.

“Гардиан” гезитинин айтымында, ишкер компаниялар менен аткесчи гангстерлердин мындай мыйзамсыз аракеттерине эркин экономикада өкүмдарлык кылган катаң конкуренция, кардар үчүн согуш мажбурлоодо. Чыгарып жаткан товарларынын бааларын мүмкүн болушунча арзандатып, өзүнө көбүрөөк кардар тартуу азыр ири компаниялардын негизги максаты болуп калды. Көз майын коротуп, колун жоорутуп, тикирейип-тикчийип иштөөнү талап кылган радио техника жана микротолкун мештерин чыгаруу тармактарынан баштап, жер жемиштерин иргеп, салыштырууга чейинки ыплас жумуштарда миңдеген чет элдик жумушчулар иштетилет. Арзан жумушчу күчүн иштеткенге кынык алып алган компаниялар чет элдик жалчылардын эсебинен үнөмдөлгөн акчаны товарлардын чекене баасын арзандатууга пайдаланышат. Күнүмдүк керектөөдөгү товарлар бааларынын тынымсыз арзандап жатышынан олжолуу болгонуна кубанган катардагы кардар болсо капчыгындагы акчанын сарамжалы кимдин эсебинен артып жатканын аңдабайт.

Глобалдык эмгек базарында түзүлгөн жагдайга сереп салган “Гардиан” гезити ишкерлерди мындай одоно мыйзам бузууга эркин экономиканын катаң талаптары мажбурлап жатканын белгилеп, ишкердүүлүк тармагында орун алган мындай "ийкемдүүлүккө" эмгек иммигранттарына келгенде таптакыр жол берилбей, миңдеген жалчылардын саламаттыгына кам көрүү, эс алуу сыяктуу адамдык укуктары бузулуп жатканына нааразы болот. Гезиттин пикиринде, глобалдык эмгек базарында негизги укуктардын аткарылышын камсыз кылуу - учурдун талабы.

XS
SM
MD
LG