Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:11

Москвада Орусия менен Грузиянын президенттери В.Путин жана М.Саакашвили жолугушту


Грузиянын лидери жолугушуунун башында Москвадагы сапарынын максаты - Орусиянын президенти менен достук мамилелерин орнотуу экенин белгиледи. Путин "Орусия кай багытта болбосун, орто жолдо Грузияга такалат" деген сөздөрү менен эки өлкө ортосундагы алакалардын маанисин бышыктады. Тбилиси буга чейин Москваны Грузиядагы сепаратисттик кыймылдарга жардам көрсөтөт деп айыптап келген. Саакашвили андай сөздөрдү токтотуу ниетин билдирип, ошондой эле Орусиянын Грузиянын аймагындагы эки аскердик базасын чыгарып кетишин кааларын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG