Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

АКШ сенатору, президенттикке талапкер Жон Керри азыркы президент Жорж Буштун негизги атаандашы болууга жакындап калды


Ал өлкөнүн Виржиния жана Теннесси штаттарындагы алдын-ала шайлоодо утту. Виржинияда демократ Керри добуштардын жарымына жакынын топтоп, ушул аймакта төрөлүп өскөн дагы бир талапкер, сенатор Жон Эдвардс добуштардын төрттөн азын гана чогулта алды. Американын бул түштүк бөлүгүндө талапкерлер арасынан 3-орунга ардагер генерал Весли Кларк чыкты. Өзү өлкөнүн түндүгүндөгү Массачусетс штатынан чыккан сенатор Керринин түштүктөгү жеңиши – бул чөлкөмдө демократтарга ишенич жогору экенин айгинелейт дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG