Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Багдаддагы жардыруудан 46 ирактык набыт болушту


Багддадда бүгүн машинедеги жанкечтинин жардыруусунан 46 ирактык набыт болуп, дагы 50дөй киши жараат алышты. Ирактын ички иштер министрлиги 100 кг дай жардыргыч зат салынган ал машине Багдаддагы улуттук армияга жоокерлерди кабыл алуу жүрүп жаткан имараттын жанында жарылганын кабарлады. Окуяны өз көзү менен көргөн Аббас Фазил буларды билдирди.
- Мен армияга жазылуу максатында чогулган 200дөй жаштар арасында көчөдө турган элем. Жарылуу дал бизге чукул жерде болду. Имараттын ичиндеги америкалыктар жабыр тартышкан жок.
Мындан бир күн мурдараак Ирактагы Искандарыя калаасындагы полиция бөлүмүндөгү бомба жардыруусунан 50гө жакын адам мерт болгон.

XS
SM
MD
LG