Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Радован Каражич Белградда жашынып жүргөнү айтылууда


БРЮССЕЛ. “Аскердик кылмыштары үчүн айыпталып, издөөгө алынган Босния сербдеринин мурдагы лидери Радован Каражич Белградда жашынып жүрөт”, - деп билдирди кечээ күнү мурдагы Югославия боюнча башкы прокурор Карла дел Понте айым.
- Мен Каражич Белградда жашынып жүрөт деген маалыматты өткөн аптада ишенимдүү булактардан алдым. Ошентип, Белград – качкындар жашына турган коопсуз жайга айланды, - деди Карла дел Понте айым.
Бирок ал Радован Каражичтин кайсы жерде жашынып жүргөнүн так айткан жок. Сербиянын премьер-министри Зоран Живкович болсо мындай маалыматтан кабары жок экендигин билдирди.
Каражич 1992-1995-жылдардагы Босния согушунда жасаган кылмыштары үчүн 8 жылдан бери издөөдө келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG