Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

М.Саакашвили: “Орусия менен Грузиянын мамилеси жакшыра баштады”


МОСКВА. Кечээ Грузиянын президенти Михаил Саакашвили менен Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада жолугуп, төрт саатча пикир алышты. Жолугушууда эки тараптуу мамилелер, грузин-абхаз маселеси, Орусиянын Грузиядагы аскер базалары тууралуу сөз болду. Жолугушуунун жыйынтыгында президенттер Абхазия маселесин талкуулай турган жумушчу топтун ишин кайра жандандыруу керек деп чечишти. Михаил Саакашвили Орусия Грузиядагы аскер базаларын жакын арада чыгарып кетсе, андан кийин Грузиянын аймагында бир да мамлекеттин аскер базасына орун берилбейт деп билдирди. Михаил Саакашвилинин айтымында, Тбилиси менен Москванын мамилеси жакшыра баштаган мезгил келди.

XS
SM
MD
LG