Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:02

«МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


12-февралда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамды кабыл алды. Мыйзам долбоору президент тарабынан өткөн жылы парламентке сунушталган. Айрым депутаттар мыйзамдын Конституцияга каршы келээрин айтып, ага «президент кол койбойт» деген пикирлерин билдирүүдө. Ал эми депутаттар Кабай Карабеков менен Оксана Малеванная мыйзамды Конституциялык сотко берүүгө даярданууда.

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды Мыйзам чыгаруу жыйыны 10-февралда карап бүткөн. 12-февралда болсо депутаттар мурда өтпөй калган беренелерди талкуулап, кабыл алышты. Андан кийин мыйзам жалпысынан добушка коюлуп 33 добуш менен кабыл алынды.

12-февралга чейинки талкууда 3-4-10-19-30-32-беренелер кабыл алынган эмес. Бейшемби күнкү талкууда «кыргыз улутундагы адамдар кыргыз тилинде сүйлөй жана жаза алышка милдеттүү» деп жазылган 3-берене өтпөй калды. Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө буга чейин кызуу талаш-тартышты жараткан 10-берене: «мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү, андай кызматкерлердин тизмесин өкмөт түзөт» деген редакцияда кабыл алынды.
«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин депутат Зайнидин Курманов «мыйзам Конституциянын бир нече беренелерине каршы келет» деген пикирин билдирди:

- Бүгүн биз тарыхый чечим кабыл алдык. Анын эмнеге алып келээрин айтыш кыйын. Мыйзам жеткилең иштелип чыкпагандыгын көп жолу айтып келдим. Мыйзам Конституциянын 5-15-16-17-беренелерине, андан башка бир катар мыйзамдарга каршы келет. Президент мындай мыйзамга кол кое албайт.

«Эгерде кимдир бирөө бул мыйзамды Конституциялык сотко берсе, мен аны колдоого даярмын. Мен кыргыз тилине каршы эмесмин, мына ушундай чийки мыйзамдарга каршымын» деген пикирин билдирди Зайнидин Курманов «Азаттыктын» кабарчысына. Ушул эле күнү депутат Кабай Карабеков мыйзамдын Конституциянын 5 беренесине каршы келгендигине байланыштуу, дүйшөмбүдө Конституциялык сотко кайрылаарын маалымдады.

Ал эми мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов мыйзамдын кабыл алынышын кубаттап, анын Конституцияга да, Кыргызстанда калыптанган кош тилдүүлүк саясатына да каршы келбестигин билдирди:

- Абдан жакшы мыйзам болду. Себеби аны менен кыргыз тили Конституциялык статусуна жараша өзүнүн коомдогу ордун тапты. Мыйзам Кыргызстандагы башка тилдерге, айрыкча орус тилинин өнүгүшүнө эч каршы келбейт.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын билим, илим жана маданият боюнча комитетинин башчысы Жангороз Каниметов мыйзамдын кабыл алынышын кыргыз элинин жеңиши катары баалады:

- Бул - кыргыз элинин улуу жеңиши. Экинчи жагынан алганда, мыйзам Балтика боюндагы мамлекеттер кабыл алган мыйзамдарга караганда жумшак мыйзам. Кабыл алынган мыйзам башка улуттардын кызыкчылыктарын сактаган, өсүп-өнүгүүнүн жолун аныктаган жакшы мыйзам.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболовдун пикири боюнча, мыйзамды Конституциялык сотко берип, аны жокко чыгарууга негиздер бар. Анын айтымында, мыйзамдын түпкү табияты туура эмес:

- Мыйзамдын жалпы табияты тоталитардык ыкма менен тилди үйрөтүүгө негизделген. Бул мыйзамсыз эле, чуу чыгарбай эле тилди өнүктүрсөк болмок. Анын жолдору бар.

Ал эми депутат Марат Султановдун пикири боюнча, мыйзамдын кабыл алынганы туура болду. Аны менен Кыргызстан калкынын 70% ашыгын түзгөн кыргыз элинин укугу корголот.

Мыйзамдын кабыл алынышына карата «Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдар» ассоцациясынын башчысы Токтайым Үмөталиева төмөндөгүчө өз оюн ортого салды:

- Кыргыз элин өз тилинин мыйзамдык күчкө ээ болушу менен куттуктайм. Эми бул мыйзамды өздөштүрүп, аны турмушка ашыруунун механизмдерин иштеп чыгыш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG