Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

БЫЛТЫР КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН ОРТОСУНДАГЫ СООДА ТӨМӨНДӨДҮ


12-февралда Кыргызстандын Өзбекстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Чыналиев Тышкы иштер министрлигинде маалымат жыйынын өткөрүп, өткөн жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы сооданын көлөмү 40 млн. долларга төмөндөгөнүн билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык байланыш 1991-жылы башталган. Андан бери жүздөн ашуун келишим, макулдашууларга кол коюлуп, мамиленин укуктук негизи түзүлгөн. Бирок, эки коңшунун ортосунда чегара, соода, суу-энергетика, чегарага коюлган мина жана анклавдар боюнча талаш маселелер арбын. Бул жагдайлар боюнча эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин бири-бирине нааразылык билдирген ноталары бир топ. Маселен, өткөн жылдын 10-октябрында Өзбекстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин Кыргызстандын Аксы районуна кирип келип, бир атуулду сабаганы эларалык укуктук мамилени бузган факт болгон. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Улукбек Чыналиев бул окуя боюнча Өзбекстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Владимир Нуров менен сүйлөшкөндө Өзбекстан андай окуяларга мындан ары жол бербей тургандыгын билдирген:

- Өзбек тарап бул окуяны кабатырлануу менен кабыл алды. Ал боюнча тиешелүү чара көрүлүп, эки өлкө ортосунда кол коюлган келишимдерди мындан ары бузбай тургандыктарын билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесин салкындатып келаткан башкы көйгөй - чегара. Аны чечүү үчүн түзүлгөн атайын комиссия 2000-жылдан бери 14 жолу жыйын өткөрүп, 1295 чакырымдык чегаранын миң чакырымын аныктады. Бирок, талаштуу 39 аймак менен Сох, Шахимардан, Барак сыяктуу анклавдардын тагдыры кандай чечилээри али белгисиз. Эки тараптуу комиссия чегаранын ар бир укумун сабырдуулук менен акыйкат аныктоо үчүн өтө татаал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Өзбекстандын чегарасына коюлган миналарды тазалоо маселеси да эки өлкөнүн башкы ич күптүсү. Минага жарылып, Кыргызстандын үч атуулу каза болуп, жалпы чыгым 6 миллион долларга жеткени менен өзбек тарап минаны тазалабай же картасын бербей келет. Андан тышкары Өзбекстан мина коюлган жерди өзүнүкү деп эсептөөдө. Элчи Улукбек Чыналиевдин айтымында, бул маселе чегара толук демаркацияланмайынча чечилбечүдөй:

- Бизге коңшу дос өлкө бул маселени чечүүнү чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо менен байланыштырып жатат. Ушундан улам ал аймак талаш жер же талаштуу эмес деп биз азырынча айта албайбыз. Ал эми өзбек тарап болсо мина коюлган жерди өзүнүкү деп эсептөөдө. Бул боюнча Кыргызстандын дагы өз пикири бар. Ошон үчүн чегара так аныкталмайынча мина коюлган жерлердин кимге таандык экендигин так айтуу кыйын.

Чегарадан кийин эки өлкөнүн ортосунда олуттуу сүйлөшүүлөргө негиз болгон дагы бир жагдай бар. Ал Баткен облусунун аймагындагы Бүргөндү газ жана мунай кени. Совет доорунда Өзбекстандын пайдалануусуна берилген бул кенди эми өзбек тарап өзүнүкү деп эсептөөдө. Ушундан улам өткөн жылдын 9-июлунда атайын сүйлөшүү болуп, маселени чечүү ниетин билдирген протоколго кол коюлган. Улукбек Чыналиевдин айтымында, кыргыз тарап кенди өз карамагына алат деген ишеним бар:

- Себеп дегенде экономикалык бардык изилдөөлөр менен далилдер бул талаш биздин пайдабызга чечилет деген ишенимге негиз берүүдө.

Ал эми өткөн жылга чейин жылдык соодасынын көлөмү 160-180 миллион долларга жеткен эки коңшу былтыр 70 миллион долларлык гана соода жүргүзгөн. Бул 2002-жылга салыштырмалуу 40 миллион долларга аз. Ага Өзбекстан өкмөтүнүн тыштан алынып келген товарлардан жыйналчу бажы төлөмдөрүн көбөйтүп, чегараны жапкандыгы жана Кыргызстандан электр энергияны аз сатып алгандыгы себеп болду. Ал тууралуу элчи Улукбек Чыналиев мындай пикирде:

- 2001-жылы Өзбекстан Кыргызстандан 1 миллиард киловатт саат энергия алган, 2002-жылы да ушундай көлөмдө сатылган. Ал эми 2003-жылы Өзбекстан 300 миллион киловатт саат электр энергиясын сатып алуу тууралуу келишимге кол койгон, бирок, ал дагы аткарылган жок.

Эки тараптын ортосундагы сооданын көлөмү быйыл кандай болоору белгисиз. Буга өзбек тараптын газ үчүн акыны толук бойдон доллар менен төлөөнү талап кылып жаткандыгы себеп болууда. Эки өлкө ушул жылдын биринчи кварталы үчүн келишим түзүп, кыргыз тарап акысын доллар менен төлөөгө макул болгон. Элчи Чыналиевдин айтымында:

- Ошол келишимди узартуу жана аны жыл аягына чейин толук аткаруу жөнүндө макулдашылган.

Бирок, жыл аягына чейин газ акысы доллар менен гана төлөнөбү же мурдагыдай жарымы товар менен берилеби, ал азыр белгисиз.
XS
SM
MD
LG