Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Кыргызстандык өкүлдөр Оттава конвенциясынын жыйынына катышууда


БИШКЕК. «Кыргызстан Оттава конвенциясынын идеяларын колдойт жана чегараларын коргоо максатында, адам өмүрүнө коркунуч келтирүүчү мина сыяктуу жардыргыч заттарды колдонбойт». Мындай пикирин Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков учурда Женева шаарында Минага каршы эларалык компаниясынын жетекчиси Джулия Вильямс жана «Human Rights Watch» уюмунун өкүлдөрү менен жолугушкан учурда билдирди. Ошондой эле Талант Кушчубеков кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чегарасына Өзбекстан тарабынан коюлган миналарды зыянсыздандыруу максатында өзбек бийлигине бир нече жолу кайрылгандыгын, азырынча андан эч кандай натыйжа чыкпагандыгын билдирген. Талант Кушчубеков 9-февралдан 13-февралга чейин Женева шаарында Оттава конвенциясынын мина маселесине арналган жыйынына катышууда. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Женевадагы БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG