Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

Кыргыз өзбек чегара комиссиясы Сох проблемасын талкуулай элек


БИШКЕК. “Кыргызстан менен Өзбекстандын чегарасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр уланууда”. Бул тууралуу бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Улугбек Чыналиев билдирди. Анын айтымында, кыргыз-өзбек чегарасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссия төрт жылдан бери 14, ал эми эксперттик комиссия 20 отурум өткөрүштү. Учурда эки өлкө чегарасын бөлүп турган 1295 чакырымдын 990 чакырымдан ашыгы делимитацияланып бүттү. Калган 295 чакырым талаштуу аймакты делимитациялоо кылдат сүйлөшүүлөрдү талап кылууда. Мындай мамиле демографиялык, моралдык-психологиялык жагдай жана чегараларда эки элдин жуурулушуп жашашы менен байланыштуу. Улугбек Чыналиевдин маалыматына караганда, негизги талаштуу аймактардын бири – Сох анклавына байланышкан маселеге тараптар 2001-жылдан бери кайрыла элек. 2001-жылы Кыргыз өкмөтү Сох анклавы тууралуу мораторийге кол коюп, бирок, кийинчерээк аны жокко чыгарган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG