Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюму Кумтөр боюнча көз карандысыз экспертиза жүргүзүү демилгесин көтөрдү


БИШКЕК. “Кыргыз өкмөтү «Кумтөралтынга» байланыштуу 1992-жылы түзүлгөн долбоорду өзгөртүп, «Камеко» корпорациясы менен бирге жаңы макулдашууга баруу менен Конституцияны бузду. Бул өлкөнүн улуттук коопсуздугуна доо кетирет”. Ушундай мазмундагы билдирүүнү бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму таратты. Билдирүүдө коомдук бирикме президент Аскар Акаевден 2003-жылдын 31-декабрында кабыл алынган өкмөттүн токтомун жокко чыгарууну суранган. Ошондой эле эларалык уюмдарга, каржы институттарына кайрылып, бул маселе боюнча Кыргызстандагы «Комеко корпорейшн» ишканасынын ишмердүүлүгүнө көз карандысыз аудит жана экспертиза жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Кайрылууда бул текшерүү бийликтин бардык бутактарынын, атуулдук коом өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык жүргүзүлүп, чечим кабыл алынышы керек экендиги белгиленет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG