Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Парламент «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамды кабыл алды. Мыйзамды толугу менен кабыл алуу үчүн добуш берер алдында депутаттар талаштуу деп саналган 6-беренени талкуулап, кабыл алышты. Бул жоболор беренелер боюнча талкуу учурунда талаш туудургандыктан, кийинкиге калтырылган. Талкуудан соң 10-беренеге «Мамлекеттик кызматкер өзүнүн кызмат милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү» деп жазылды. Ал эми мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү адамдардын тизмеси өкмөт тарабынан аныктала турган болду. Башмыйзамдын 66-беренесине ылайык кабыл алынган мыйзамга мамлекет башчы бир айдын аралыгында кол коюшу керек. Мыйзам президент кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG