Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

ИРАНДАГЫ ИСЛАМ ТӨҢКӨРҮШҮНӨ 25 ЖЫЛ


Нарын АЙЫП, Прага 11-февралда Иран эли Ислам төңкөрүшүнүн 25 жылдыгын белгиледи. Анткен менен, Тегерандын "Азади" аянтында чогулган миңдеген адамдын алдында ал тууралуу президент Мохаммад Хатами сүйлөгөндө, ал өлкөдөгү саясий кризис тууралуу да айтты.

20-февралда Иранда парламенттик шайлоо өткөрүлөт, бирок үстүбүздөгү жылдын башында өлкөнүн Көзөмөл кеңеши үч жарым миңге жакын талапкерди шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алган. Алар негизинен реформачыл маанайдагы саясатчылар болчу жана четтетилгендердин арасында парламенттин сексенге жакын азыркы депутаты да бар. Бир топ талаш-тартыштан кийин Көзөмөл кеңеши бир жарым миңге жакын талапкерге шайлоого катышууга уруксат берди, бирок баары бир эки миңге жакын адам шайлоодон четтетилди жана оппозиция азыр шайлоону бойкоттоону сунуш кылууда.

11-февралда Ислам төңкөрүшүнүн мааракеси белгиленип, Тегеранда парад жана демонстрация уюштурулду. Чогулгандардын алдында президент Мохамад Хатами чыгып сүйлөгөндө, ал учурдагы кризис тууралуу да айтып, саясий эркиндикти чектөө бүткүл улутка зыян алып келүүдө деп билдирди. Президенттин айтымында, эркин шайлоо - демократиянын ажырагыс бөлүгү жана андай шайлоосуз демократия болбойт.

Мындан төрт жыл мурда шайланган азыркы парламент бир топ реформалык маанайда иштеген, бирок шайлоого ким катышар-катышпасын Көзөмөл кеңеши гана чечет, анын мүчөлөрүн болсо - өлкөнүн руханий жетекчиси аятолла Али Хаменеи өзү жалгыз дайындайт. Мындай тартип - 25 жыл мурда өлкөдө ишке ашырылган элдик төңкөрүштүн натыйжасында орногон, бирок падышалык тартипке каршы чыккан эл аны каалаган эмес, тек кана төңкөрүштүн жыйынтыгынан динаятчылар пайдаланып кеткен.

Падышалык тартип Иранда эки жарым миң жыл өмүр сүргөн, бирок ХХ кылымдын орто ченинде бийликке келген шах Мохамед Реза Пехлевинин АКШ менен өтө жакындашып кеткени элге жаккан эмес жана 1979-жылы өлкөдө башталган элдик толкуундоолорду акыркы күндөрдө динаятчылар жетекке алган. 14 жыл бою сүргүндө жашаган аятолла Рухолла Хомейни Иранга 1-февралда Парижден кайтып келгенден кийин он күн өтпөй, шахтын бийлиги кулаган жана 1-апрелде өткөрүлгөн элдик референдумдан кийин өлкөдө исламдык тартип орногон. Хомейни жаңы бир башчылык орнотуп жактанын ошондо эле жашырган эмес: "Мен өкмөт дайындайм. Мен бул бийликти жаакка чабам. Элдин колдоосу менен мен өзүм жаңы өкмөт түзөм".

Мындай жаңы бийлик өлкөгө эмне алып келгени белгилүү. Иран экономикасы жакшылыктуу өнүгө алган жок, аялдар паранжы тагынды, шайланган парламент жана президент болгону менен, бардык маселелер өлкөдө диний жетекчи тарабынан чечилет, эң негизгиси болсо - өлкө эл аралык коомчулуктан обочолонду.

1998-жылдан бери сүргүндө жашаган журналист Фараж Саркухинин айтымында, Ислам төңкөрүшү эл үмүтүн актаган жок: "Ал күндөрү мени абактан бошотушту жана жетекчиликке динчилер келгени менен, мен - революциячыл күчтөр өлкөгө демократия жана прогресс алып келет деп үмүттөнгөм. Басма сөз эми эркин болуп, китептер цензурасыз жарыяланып, саясий партиялар менен коомдук бирикмелер түзүлөт деп ойлогом жана мен өзүм каалаганымды эркин жаза алам деп ойлогом. Чындыгында болсо, андан бери өткөн 25 жыл көрсөткөндөй, андай үмүттүн баары өлтүрүлдү".

Анткен менен дагы бир белгилүү журналист жана жазуучу Амир Тахери айткандай, саясий катаалчылык учурунда жашаган Иран эли азыр демократия менен адам укуктарынын баасын билип, алар жөн гана абстракция эмес экенин түшүндү.

XS
SM
MD
LG