Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК АЙМАКТАР КИМДИН КАПЧЫГЫН ТОЛТУРАТ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Президент Аскар Акаев мындан бир нече күн илгери өкмөттүн кеңейтилген жыйынында эркин экономикалык аймактарды катуу сынга алган. Мамлекет башчы өкмөткө тез арада эркин экономикалык аймактарды тартипке келтирип, алып-сатарлардан арылтууга буйрук кылган. Айрым байкоочулар Кыргызстандагы төрт эркин экономикалык аймак мамлекеттик казынаны эмес, жеке адамдардын капчыгын толтурууда дешет.

Кыргызстанда төрт эркин экономикалык аймак бар. Аскар Акаевдин сөзүнө караганда жана бир катар адистердин баамында, Бишкек эркин экономикалык аймагы гана талапка жакыныраак иштеп келет. Мамлекет башчы Нарын жана Каракол эркин экономикалык аймактарын катуу сындады. Анын айтымында, чоң үмүт арткан бул аймактар салык жүгүнөн качкан алып - сатарлардын уюткусу болуп алды:

- Нарын жана Каракол эркин экономикалык аймактарын бир нече ирет текшергенде чоң мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Бул аймактарда өндүрүш болгон эмес жана эч качан болбой калды көрүнөт. Мен көлгө барганда Караколдогу бир мектептин директору Нина Стрижеус өз байкоолору менен бөлүштү. Анын айтымында, Каракол эркин экономикалык аймагында алып - кайра сатуу менен гана алектенген 100 фирма бар. Бул го анын билгени. Эгер, жакшылап каза турган болсок, салык төлөөдөн качкандын баарын ошояктан табабыз.

Каракол ЭЭСинде жалаң күйүүчү, майлоочу майларды контрабандалык жол менен ташыган 24 коммерциялык фирма колго түшкөн. Улуттук коопсуздук кызматы аныктаганга караганда, Кыргызстанга алынып келинген күйүүчү майлардын 20 пайызы Каракол аймагы аркылуу мыйзамсыз жол менен ташылган. Андан бери 214 миллион сомдук продукциянын чуусу боюнча соттук тергөө жүрүп, аягына чыга элек. Табиятында эркин экономикалык аймак тегеретеси курчалган, кирген-чыккандарга катуу көзөмөл коюлган, киргизилип, чыгарылып баратканда ар бир товар тыкыр текшерүүдөн өтчү жай. Кыргызстанда экономикалык аймактын четин курчап тоспой эле бүтүндөй бир облусту эркин экономикалык аймак кылып койгон да учур болгон. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков төмөндөгүчө пикирин билдирди:

- Бир кезде бүтүндөй Нарын облусу жана Каракол шаары эркин экономикалык аймак болчу. Эми ойлоп көрсөңөр, бүтүндөй бир облус эркин экономикалык аймак болсо, анан мамлекеттик казына миллиондогон сомдон куржалак калат да. Бишкек эркин экономикалык аймагында чач тарач, тиш дарылоочу клиникалар, кийим тазалагычтар болгон. Мисалы, эл аларга ээн-эркин эле кирип чыгышчу. Негизи мындай аймактарга кирип-чыгуу кыйын болуп, ар бир кыймыл катуу көзөмөлдө болушу керек. Бул деген жабык аймак да.

Кыргыз өкмөтү жакын арада эркин экономикалык аймактардын абалы тууралуу атайын жыйын өткөргөнү турат. Анда президент сынга алган Нарын жана Каракол ЭЭАларынын маселелери кабыргасынан коюлмакчы. Ал эми Бишкек аймагын салыштырмалуу мактап жүрүшөт. Чеке-бели тосулганын, бажы жана чегара кызматкерлери кайтарганын, инвесторлорду тарта алгандыгын айтып калышат. Кыргызстанда эң биринчи чыгарылган “Ак кептер” учагын чыгарган кыргыз-самара «Эр- Авиат» ишканасын мисал кылгандар бар. Бишкек эркин экономикалык аймагынын аппарат башчысы Бузурманкул Токтоналиевден алынган маалыматка караганда, бул аймакта учурда 62 биргелешкен ишкана иштөөдө. Былтыр мисалы, 17 миллион долларлык товар экспортко жөнөтүлгөн. Ушул эле жылы бул аймактагы ишканалар мамлекеттик казынага 312 миллион сом салык төлөшкөн. Бирок, Бусурманкул Токтоналиев «Бишкек СЭЗинде алып- сатарлар жок» деп кепил боло албасын кошумчалады. Анын айтымында, жалаң өндүрүш талап кылганга бүгүнкү мүмкүнчүлүктөр жол бербейт.

Эркин экономикалык аймактарга мыйзамда жазылгандай, акциз төлөнчү товарларды ташып киргенге уруксат жок. Бирок, үч жыл бою буга жол берип келген өкмөт былтыр акциздик товарларды эркин экономикалык аймак аркылуу алып өтүүгө, ташып кирүүгө таптакыр тыюу салган. Бул токтом чыккан күндө да каржы полициясы 4 миллион доллар өлчөмүндөгү контрабандалык тамекинин ЭЭАтар аркылуу киргенин аныктаган.

«Бишкектен башка экономикалык аймактарда абал анчалык деле жаман эмес» деген да ойлор бар. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Нарын экономикалык аймагында аз да болсо өндүрүш иштеп атат» дейт. Анын айтымында, акциздик товар ташуу менен мыйзам бузгандар эркин экономикалык аймактын жакшы жактарын жууп, жаманатты кылып келет.

XS
SM
MD
LG