Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Франциялык генерал Гаагадагы сотто сурак берди


Франциялык генерал Филипп Мориллон Бириккен Улуттар Уюмунун согуш кылмышкерлери боюнча Гаагадагы сотунда Югославиянын мурдакы президенти Слободан Милошевичтин ишине байлагыштуу күбө катары сурак берди.
Мориллон 1992-93-жылдары Босниядагы Улуттар Уюмунун коргонуу күчтөрүн башкарган.
Былтыр декабрда НАТОнун мурдакы командачысы, отставкадагы америкалык генерал Уэсли Кларк да Гаагадагы жабык сотто Милошевичке каршы күбө өткөн.
Милошевич 1990-жылдары Боснияда, Хорватияда жана Косоводо адамдарды топ-тобу менен кырууга жооптуу деп күнөөлөнүүдө.
Экс-президенттин соту 2002-жылдын 12-январында башталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG