Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Израил өкмөтүнүн мүчөлөрү Гаага сотуна барбайт


Израил өкмөтү “коопсуздук коргонунун” мыйзамдуулугун аныктоо боюнча Гаагадагы Эл аралык сотто 23-февралда өтүүчү угууга катышпайт.
Премьер-министр Ариел Шарондун өкүлү билдиргенге караганда, Шарон жана өкмөттүн беш мүчөсү сот Израил курган бетон коргонго байланыштуу өкүм чыгарганга укугу жетишсиз деп чечишти.
Бирок, Израилдин тышкы иштер министрлиги Гаагадагы сотко өз өкүлүн жиберээрин билдирди. Ал эми ЗАНА куткаруу кызматы сотто палестиналыктардын террорчулугун ашкерелөө үчүн Иерусалимде жанкечти жардырган автобустун сыныктарын көрсөтмөк болууда.
Гаагадагы угуу БУУнун Генералдык Ассамблеясынын демилгесине ылайык өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG