Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

ХАМАС израилдиктерден кайда болбосун өч аларын эскертти


Палестиналыктардын ХАМАС аскерий тобу кечээ күнү Израил армиясы өлтүргөн палестиналык 15 жарандын өлүмү үчүн израилдиктерден “кай жерде болбосун өч алаарын” билдирди.
Палестиналыктар жөөт аскерлери менен Газа тилкеси жана Газа шаарында болгон
айкашта өлтүрүлгөн.
ХАМАС бүгүн жасаган кайрылууда өз согушчандарын “чоң казат операциясына” чакырды.
Израилде ХАМАСтын чакырыгына байланыштуу чукул кырдаал абалы жарыяланды.
Палестинанын саламаттыкты сактоо кызматтары ХАМАСтын израилдиктер издеп жүргөн мүчөсү Шаме Арарды жөөт аскерлери бүгүн Рамалла шаарында өлтүргөнүн билдиришти.
Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Иоан Павел Израилдин Батыш Иорданда 750 чакырымдык “коопсуздук дубалын” куруусун сындады. Папа Римде Палестинанын премьер-министри Ахмед Корейи менен бүгүн болгон кездешүүдө бетон коргон “тынчтыкка жолтоо болот” деди.

XS
SM
MD
LG