Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Иракта америкалык генералдарга чабуул жасалды


Бүгүн Багдаддын батышындагы Фаллужа шаарында Кошмо Штаттардын Борбордук командалык борборунун башчысы, генерал Жон Абизаидге чабуул жасалды.
Генерал Марк Киммитт билдиргенге караганда, Абизаид жана 82-десанттык дивизиянын командачысы, генерал Чарлз Сваннакты коштогон аскердик кербен үч ирет ракетадан аткыланды:

- Бүгүн саат бир жарымда генерал Абизаид жана генерал Сваннак Фаллужадагы Ирактын жарандык коргонуу корпусуна караштуу батальондун штабына келишкенде, коңшу үйлөрдүн чатырынан аскерий кербен үч жолу ракетадан аткыланды. Жоокерлер же башка адамдар жарадар болушпады. Коалициянын жана Ирактын жарандык коргонуу корпусунун жоокерлери каршы ок ачышты жана чабуул жасагандарды артка кууду.

Багдаддан 50 чакырым батыштагы Фаллужа “сунниттердин үч бурчтугу” деп аталган антиамерикалык күчтөр өтө активдүү болгон калабалуу аймакка кирет.

XS
SM
MD
LG