Кошмо Штаттардын 16-аскерий полиция бригадасынын жоокери бейшембиде түшкө маал Багдаддын көчөлөрүндө күзөттө жүргөн жеринен бомбага жарылып, набыт болду. Анын жанындагы дагы эки аскер жараат алышты. Америкалык командачылык билдиргендей, ушуну менен 1-май күнү президент Жорж Буш Ирактагы согуштун негизги бөлүгү аяктады деп жарыялагандан бери Иракта набыт болгон АКШ аскерлеринин саны 258 адамга жетти.
Ошол эле күнү таңга маал Фаллужа калаасында Жакынкы Чыгыштагы америкалык борбордук командачылыктын башчысы, генерал Жон Абизайд жана генерал-майор Чарлз Сваннакты коштоп бараткан автокербенди көздөй ыргытылган гранаталар жанындагы имаратка жаза тийип, окуядан көп узабай уюшулган маалымат жыйынында бул кол салуудан адамдар жабыр тартпаганы айтылды. Бул тууралуу билдирген АКШлык генерал Марк Киммит Фаллужадагы чабуул дал америкалык аскер башчыларды бутага алганын тастыктай албастыгын белгилеп, ошол эле маалда бул окуя – Иракта Вашингтондун бийик өкүлдөрүнө болгон экинчи жолку кол салуу экенин кошумчалай кетти.
Өткөн октябрь айында АКШнын коргоо министринин орун басары Пол Волфовиц Багдадга барганда, ал токтогон мейманканага да ракеталык чабуул коюлган болчу.
Фаллужа калаасынын полиция башчысы Омар Дулейми, бирок, бейшембиде козголоңчулардын огунан эки ирактык набыт болгонун маалымдады. Бул окуя – америкалык генералдар аман калган кол салууга удаа орун алган өңдүү.
Багдаддагы маалымат жыйынында АКШ генералы Марк Киммит Ирактагы эң кандуу кол салууларды уюштурган деп шектелген теги иорданиялык Абу Мусаб аз-Заргавинин дайын-дарегин билдирген киши 10 млн долларлык сыйлык алаарын маалымдай кетти. "Ал-Каида" уюму менен алакалаш деп шектелген аз-Заргави, америкалык командачылыктын пикири боюнча, өткөн жылы Бириккен улуттар уюмунун Багдаддагы кеңсесинде жана Нажаф калаасындагы мечиттин жанында болгон жардыруулар үчүн жооптуу. Ал жардыруулардан Нажафта шийилердин көрүнүктүү саясатчысы аятолла ал-Хаким баш болгон 83 киши, Багдадда Улуттар уюмунун чабарманы Сержио Виейра де Мелло баштаган 22 адам мерт болушкан.