Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

КРЫМДА УЛУТ АРАЛЫК ТИРЕШ ЖАНДАНУУДА


Ушул ишемби күнү Крымда жергиликтүү татарлардын жыйыны өткөн жатат. Анда бул жердеги улут аралык тирешти жоюуга байланышкан маселелер талкууланмакчы. Ушул айдын башында жергиликтүү милиция татар улутундагы демонстранттарды токтотуу үчүн алардын төбөсүнөн ашыра ок атканга чейин барган эле.

Крымдагы азыркы жагдайдын учугу мындан эки кылым ашуун мурунку окуялардан башталат. Тарыхый маалыматтарга кайрылсак, Орусия Крым жарым аралын 1783-жылы каратып алган. Анын соңунан бул чөлкөмгө миңдеген орустар көчүрүлүп, ал эми жергиликтүү татарлардын көпчүлүгү жер которуп кетишкен. Жер которуунун дагы бир толкуну өткөн кылымдын орто ченине туура келет. Крым татарлары фашисттер менен ымала түзгөнү үчүн айыпталып, Сталин 1944-жылдын май айында калган 200 миңдей адамды депортациялоону буюрган.

Ал эми Советтер Союзун Никита Хрущев башкарып турган кезде Крым "белек" ирээтинде Орусиянын карамагынан Украинага өткөрүлүп берилген эле. СССРдин тарашы менен Украина орус тилдүү калк басымдуулук кылган Крымды мурастап калды.

Крым татарлары түпкү мекенине 1980–жылдардан тартып кайта башташкан болчу, ал эми 1991-жылдан кийин бул жараян күчөдү. Көчүп келгендердин саны расмий эсеп боюнча 240 миңден ашат. Татар лидерлеринин айтымында, Крымга кайтууну дагы 200 миңдей адам каалайт. Бул жердеги калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн орустардын саны 1 миллион 200 миңдей, мындан сырткары 500 миңдей украин бар.

Орустардын басымдуу бөлүгү Крым Украинанын курамында калышына нааразы. Алардын улутчулдары тарабынан жарым аралды Орусияга кошуу чакырыктары айтылып жүрөт. Ошондой эле орустар крымдык татарлардын түпкү мекенине кайтып келишин, үч-жай, мечит, мектеп жана башка имараттар үчүн жер алуу аракеттерин жактыра бербейт. Орус улутчулдары ал турсун татарларды кыянатчыл иштерге ыкташат, исламчыл согушкерлерди, анын ичинде "ал-Каиданын" колдоочуларын даярдап жатышат деп күнөөлөшөт. Улут аралык чатактардын маал–маалы менен орун алып турушу Крым үчүн мүнөздүү көрүнүш. Маселен, 1-февралда Судак деген шаарда милиция татар демонстранттарын таратуу үчүн алардын башынан ашыра ок атканга чейин барды. Өз улутташтарынын бири адилетсиз камалды деп эсептешкен жүздөгөн татарлар аталган шаардын милиция бөлүмүнө каптап кирүүгө аракеттенишкен эле.

Крым автономдуу республикасынын өкмөт башчысы Сергей Куницын окуяны "саясий мүнөзгө ээ" провокация деп атады. Ал эми Крымдагы татарлардын эң ири уюму – Межлистин жетекчиси Мустафа Жемилев мындай ырастоого макул эмес. Ал тирешүүнү жергиликтүү бийликтер козутууда деп эсептейт:

- Бийлик өкүлдөрү менен татарлардын ортосунда мындай мүнөздөгү чатактар маал-маалы менен чыгып турат. Себеби бийлик тепкичиндегилерде татарларга карата шовинисттик маанай бар. Алар адамдардын элементардык укуктарын да эске албай келүүдө.

Жакынкы Чыгышты изилдөө боюнча Киевдеги өкмөттүк эмес институттун директорлорунун бири Сергей Даниловдун айтымында, татарлардын арасында жумушсуздук жогору. Жергиликтүү бийликтер тарабынан алардын жер алуусу үчүн коюлган тоскоолдуктар да бар. Мечиттердин курулушу жана диний окууларды уюштуруу үчүн четтеги исламчыл уюмдардан акча келүүдө. Бирок Крымда "ал-Каида" сыяктуу террордук уюмдар да аракеттенип жатат деп айтуу болбогон кеп:

- Бул жерде курал менен чыга тургандар жок, бир ал адамдар үчүн ислам улуттук өзгөчөлүгүн көргөзгөн нерсе. Бул жагынан Крым татарлары экинчи, үчүнчү же бешинчи орунда турат. Азыркы кырдаал ушундай, бирок ал өзгөрүшү мүмкүн экени шексиз.

Сергей Данилов Крымдагы соңку чыңалууну Украинада быйыл октябрга белгиленген президенттик шайлоо менен да байланыштырат. Мындай пикир менен Крым татарларынын Межлисинин башчысы Мустафа Жемилев да макул. Анын айтымында, татарлардын көпчүлүгү оппозиция лидерлеринин бири Виктор Юшенкону колдоодо:

- Крым татарлары калктын 13%ын гана түзөт. Алар Виктор Юшенкону колдоору анык. Ушундан улам украин президенти Кучманы жактаган күчтөр орус тилдүүлөргө жагыш үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат. Азыр татарларга каршы пропаганда жүрүүдө. Алардын пропагандасы орусиячыл, ошондой эле жана башка деструктивдүү күчтөрдөн кызуу колдоо тапты.

Крымдагы улут аралык тирештин соңку чыңалуусуна шайлоодон тышкары жер маселеси да түрткү бергенсиди. Крымдын өкмөтү калкка жерди бекер ажыратууну быйыл жыл соңунда токтотмокчу. Келерки жылдан тартып жер сатылаары күтүлүүдө. Татарлар мындай жагдай алардын жана али көчүп келе элек улутташтырынын муктаждыгы үчүн делген жерлерди бай орустар менен украиндер ээлеп алышына алып барат деп кооптонушат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG