Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

ИВАН РЫБКИН ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕР БОЙДОН КАЛУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө шаары. Таанымал саясатчы Иван Рыбкин бейшемби күнү Лондондо Интерфакс агенттигине берген маегинде “ишкер Борис Березовский менен кеңешкенден кийин президенттик орун үчүн ат салыша берейин деп чечтим” деген. Айрым анализчилер ал беш күн ың-жыңы жок жоголуп кетип кайра табылганда, эми ал президенттик орунду талашпайт ко деп жоромол кылып жатышкан. Итар-ТАСС агенттиги жазганга караганда, Иван Рыбкин эми британиялык парламент мүчөлөрү менен жолугуп, андан соң Брюсселге карай жол тартмакчы.

Кечээ, бейшемби күнү, Лондонго учуп барган Иван Рыбкин, Хитроу аба майданында журналисттерге: “Орусия президентинин орунуна талапкерликтен баш тартпаймын”, - деди. Ал Лондонго “Либералдык Орусия” партиясынын теңтайлаш төрагасы, ишкер Борис Березовский менен жолугуп, шайлоо алдында күрөштө анын кеңешин угуш үчүн келгенин айтты. Андан тышкары ал британдык парламенттин лорддор палатасынын жана өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү менен жолуга тургандыгын айтты. Андан аркы сапары маалында Брюсселге барып, Европалык парламент мүчөлөрү менен жолугаарын да Рыбкин билдирди.

Марттын ортосуна белгиленген президенттик шайлоодо ат салышканы аткан талапкерлердин бири Рыбкин мурдагы аптада дайынсыз жоголуп кетип, кайра табылды. Пезиденттик орунду талашууга талапкер катары катышып аткан бул саясатчыны издөөгө ички иштер министрлиги, федералдык коопсуздук кызматы жана анын үй-бүлөсү, ошондой эле анын жолдош жоролору, партиялаштары катышты.

9-февралда прокуратура Рыбкиндин жоголушуна байланыштуу иликтөө ишин ачкан. Бирок эмне себептен экени белгисиз эле, ошол күнү аны кайра жаап салган. Анализчилер Маскөөнүн прокуратурасы Рыбкиндин дайынын билгендиктен иликтөө ишин токтотуп салды деп айтышкан. Ал кийин чындыгында ошондой болуп чыкты.

Бул убактылуу дайынсыз жоголуунун элди кулак түргүзгөн айрым жагдайлары бар. “Либералдык Орусия” партиясынын эки жетекчиси - Сергей Юшенков менен Владимир Головьев - болгону 18 айдын арасында киши колдуу болуп о дүйнө кеткен (экөө тең ок жеп курман болгон). Ошол партиянын жетекчилеринин бири Иван Рыбкиндин көзү тазаланып калышы деле толук ыктымал болуучу.

Өзүнүн эч кимге айтпай Одессага кетишин Рыбкин өзүнүн артынан түшүп алган федералдык чалгынчылардан из жашыруу амалы менен жасаганын журналисттерге билдирген

- Мейманканадан кетип атсам, ал (тыңчы) да мейманканадан кетет. Аэропортко барсам, ал да аба майданына ээрчип барат. Мен Маскөөгө белет жок болгондуктан, башка калаага билет алып учсам, ал тыңчы да ал калаага учуп барды. Ушунчалык жанымды кашайтты..., - деген экс-спикер Рыбкин.

Кызык жери Иван Рыбкиндин Украинада болгондугун күбөлөгөн маалымат жок. Маскөөлүк кылмыш ишин иликтөө кызматы жиберген сурамжылоого чегарачылар да Рыбкин орусиялык чегарадан өткөн жок деп жооп берген.

Итар-ТАСС агенттигинин билдиргенине караганда, президенттикке талапкер Рыбкиндин сырдуу жоголуп кетиши ал “Орусияда ишкерлер чөйрөсүн каалаганындай экчеп аткан Путин - өлкөдөгү эң башкы олигарх” деген сынын айткандан кийин болгон.

Бул убактылууу жоголуу туурасында саясатчы Ирина Хакамада мындай дейт:

- Же ага кандайдыр бир (делбе кылуучу – ММ) ийне сайышып, акыл-эсин жыя албай калды. Же президенттик орунду талашуудан баш тартышы керек. Эмне дегенде мындай көрүнүш талапкер үчүн арсыздык кадам болот.

Ошол арада Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттик орунду талашууга катышып аткан талапкерлер чогулткан колдорду текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгын чыгарган. Анда Владимир Путин менен Сергей Миронов чогулттурган колдор дурус деп табылган. Ал эми Рыбкин үчүн чогултулган колдун 21 пайыздайы жараксыз деп табылып, ошол себептүү БШК анын бир далайын текшерүү үчүн Генералдык прокуратурага жиберген.

БШКнын төрагасы Александр Вешняков башкы талапкер тууралуу кыйыр сынын айтты. Маселен, 12-февралдагы Путиндин өз колдоочулары менен болгон жолугуусунан соң аны өлкөнүн федералдык сыналгы каналдары көшөкөрлөнүү менен узак убакыт бою көргөзүшүн Вешняков мырза “аша чаап кеткендик”, - деп баалап, азыркы президентти чымчый кетти.

Ал эми Рыбкиндин капилеттен жоголуп, кайра табылышынын сыры азырынча белгисиз бойдон кала берүүдө.
XS
SM
MD
LG