Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Чеченстандын мурдагы президенти Яндарбиев өлтүрүлдү


Катардын борбор калаасы Доха шаарында бүгүн Чеченстандын мурдагы президенти Зелимхан Яндарбиев өлтүрүлдү. Яндарбиев өзүнүн 13 жашар уулу менен жергиликтүү мечитке барып жума намазга жыгылгандан кийин үйүнө баратканда, анын машинеси жарылып кеткен. Уулу жараат алып, азыр ооруканада. 1996-жылы президент Жохар Дудаев өлтүрүлгөндөн кийин, Яндарбиев эки жыл президенттин милдетин аткарган жана акыркы үч жылда Катарда бозгунда жашаган.

XS
SM
MD
LG