Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Нью-Йоркто Кипр маселеси боюнча сүйлөшүүлөр уланууда


Бириккен Улуттардын Нью-Йорк шаарындагы баш ордосунда үч күндөн бери Кипр маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Арал 1974-жылдан бери экиге бөлүнгөн жана анын грек бөлүгү үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тартып Европа Биримдигине кошулууга тийиш. Эл аралык коомчулук Кипрдин грекиялык жана түркиялык бөлүктөрүн элдештирип, Биримдикке аны бүтүн өлкө катары кошууга аракеттенүүдө, бирок ал үчүн эки тарап көптөгөн маселени жөнгө салууга тийиш. Сүйлөшүү Кофи Аннандын төрагалыгы астында өтүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG