БИШКЕК. Жума күнү Кыргызстандын Чегара кызматына АКШ өкмөтү «Экспорттук көзөмөл жана чек ара коопсуздугу» программасынын алкагында 72 миң доллар өлчөмүндө материалдык-техникалык жардам берди. Берилген жабдуулар ичинде атайын кийим- кечелер, техникалык каражаттар жана алыскы чегара бекеттери үчүн буйум-тайымдар бар. Чегара кызматынын маалымдоосуна караганда, жакын арада АКШ кыргыз чегарачыларына тоолуу райондордо жүрүүгɵ ылайыкталган атайын техника да бермекчи.